WeChat      Избранное

Азамат Темиркулов: “Кытай рыногуна чыгуу заман талабы”

19/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Азамат Темиркулов: “Кытай рыногуна чыгуу заман талабы”

Фото WWW

Биздин редакциянын журналисти саясий илимдеринин доктору, доцент, серепчи Азамат Темиркулов менен Кыргызстан-Кытай мамилеси, эки өлкөнүн экономика тармагындагы кызматташуу алакасы, “Бир алкак-бир жол” долбоорунун мааниси тууралуу маек курду. Муну менен катар эле, маекте коронавирус дартынын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири, кризистен чыгуу жолдору боюнча дагы кызыктуу ой-пикирлер айтылды. 

-Акыркы учурда, Кыргызстандын экономикасына Ковид-19 вирусунун тийгизген таасири абдан көп талкууларды жаратууда. Ушул багытта өз оюңуз менен бөлүшө кетсеңиз, бүгүн өлкөнүн экономикасы кандай абалда, аны өнүктүрүп, туура нукта алып кетүү үчүн кандай кадамдарды жасоо зарыл деп эсептейсиз?

-Албетте, коронавирус илдети жеке гана биздин экономикабызга эмес, көптөгөн дүйнө мамлекеттеринин финансылык абалын дагы кыйын учурга туш кылды. Учурда, Россияда, Казакстанда жана башка чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жарандарыбыз Кыргызстанга жумушсуз калгандыгына байланыштуу кайтып келип жатышат. Ал мамлекеттерде дагы экономикалык кризис болуп жаткандыгы белгилүү. 

Бул кырдаал бардыгыбызды кыйын абалга калтырды десек болот. Биринчиден, эми мигранттардан мурункудай акча которуулар болбойт, суммасы азаят. Экинчиден, бул жакка кайтып келген мигранттар киреше булагы жок болуп оор абалда калуусу толук ыктымал. Жумуш табуу жаатында дагы кыйынчылыктар пайда болот. 

Бардыгыбыз билгендей, бизге азык-түлүк продукциялары негизинен башка өлкөлөрдөн келчү. Азыр эл аралык соода-сатык катнашы токтоп тургандыгына  байланыштуу бул жаатта да бир топ маселелер ортого чыгууда. Бул кырдаалда өзүбүздүн продукцияларыбызды колдонуп, аракеттерди кылуубуз зарыл деп ойлойм. Бирок, бизден чыккан продукциялардын деле көлөмү аз. Буга кошумча сырттан келген мигранттарыбыз болгону үчүн азык-түлүккө суроо-талап дагы жогору болоору турган иш. Албетте, суроо-талап болгон жерде баа дагы кымбаттайт. Ошондуктан, биздин Өкмөт ушул багытта дагы алдын-алуу иштерин жүргүзүп, карапайым калктын чөнтөгүнө жараша азык-түлүк бааларын коюуга аракеттерди көрүүсү абзел. 

Чындыгында, Кыргызстанда деле учурдагы кырдаалга байланыштуу  жумуштарынан айрылып, же болбосо айлыгы төлөнбөй эс алууга чыгарылгандар дагы бар. Жумуш маселеси учурдун башкы көйгөйү болууда. Кризис бир-эки айдын ичинде токтобойт, менин оюмча ал 2021-жылы дагы улануусу толук мүмкүн. Ал эми, жумушсуз калган элде, албетте нааразычылык дагы күчөйт. Ошондуктан, биз биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун жана жумушсуздук маселесин чечүүнүн жолдорун изилдеп, ойлонуп баштообуз зарыл. Булар тез арада чечүүнү талап кылган маселелер. 

Албетте, башка тармактарда, бизнес жаатында дагы көйгөйлөр бар. Аларды болсо салыктарын азайтып, кабыл алынган талаптарды жеңилдетүү менен туура нукка салууга болот деп ойлойм. 

-Кытай көп жылдан бери Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болуп саналат. Импорттун 70%ы коңшу мамлекеттен келээри дагы Өкмөт тарабынан белгиленүүдө. Бул багытта ишмердүүлүктү жолго салуу үчүн алгач кандай иштерди аткаруу маанилүү?

-Туура. Кытайдан абдан көп импорт келип жатат. Бирок бизден Кытайга бара турган экспорт аз болууда. Эки жакты салыштырсак, алардын айырмасы абдан чоң. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кытайдын бир миллиарддан ашуун калкы бар. Бул өтө чоң рынок.  Биз ушул мүмкүнчүлүктү толук кандуу пайдалана албай жатабыз. Менин оюмча, өзүбүздүн колдо турган мүмкүнчүлүктү пайдаланып экологиялык таза продукцияны кытай рыногуна чыгарсак бардыгыбыз үчүн жакшы натыйжасын бермек. Коңшу мамлекетте экологиялык жаткан таза айыл-чарба, мал-чарба продукцияларына суроо-талап бар. Биздин бал, жашылча-жемиштерибизге кызыгып жүргөндөрүн көрүүдөбүз. 

Бизде кытай рыногуна чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар. Өзгөчө, ушул пандемиядан кийин бул багытта иш алып барып, коңшу элге өз продукцияларыбызды киргизүүгө болгон аракеттерди жумшоо керек деп эсептейм. Бул оюбузду ишке ашырып алсак, келечекке абдан перспективдүү кадам жасаган болот элек. 

-“Бир алкак-бир жол” долбоору Кыргызстан үчүн кандай мааниге ээ, пандемия кырдаалынан кийин ушул демилге боюнча кайсы багыттарда кызматташуу алакаларын түзүү керек?

-“Бир алкак-бир жол” долбоору, албетте абдан маанилүү. Анткени, ал үч континентти бириктирген бир инфраструктуралык тармак болмокчу. Долбоор Азия, Европа, Африка континенттерин байланыштырат. Бул демилге албетте, Кытайга дагы кызыктуу, ошону менен бирге эле Кыргызстан үчүн дагы анын мааниси зор. Себеби, бизде жогоруда аталган аймактарга түздөн-түз чыгууга жолдор ачылса, эл аралык соода-сатык карым-катнашын өнүктүрүүгө дагы мыкты мүмкүнчүлүктөр ачылмакчы. 

Муну менен катар эле, туризм тармагын дагы өөрчүтүүгө бардык ыңгайлуу шарттар түзүлмөк. Азыркы күндө тоо туризмине суроо-талап көп болууда. Биздин өлкөнүн аймагынын 95%ы тоо. Түндүк менен түштүктү бириктирип турган бир эле жолубуз бар. Жол шарты эл аралык сооданын өнүгүүсүнө дагы тоскоол болуп жатканы белгилүү. Мисалы, Азиядан Европага же Африкага бара турган товарлар башка өлкөлөрдүн территориясы аркылуу өтүп келет. Эгерде, биздин аймактан өтө турган болсо, чек ара салыктары же болбосо транзит үчүн акча ала турган шарттар каралып, өлкө бюджетине кошумча киреше булактары пайда болмок. Экономиканын өнүгүүсүнө шарт болуп, ар кандай экономикалык кыймылдар түзүлмөк.

Менин оюмда аталган долбоор эртеби же кечби толук кандуу ишке ашат. Себеби, ааламдашуу доорунда мындай долбоорлордун жүзөгө ашуусу заман талабы. Бул туура жол деп эсептейм. Кыргызстан үчүн дагы ири рынокторго чыга тургандай мүмкүнчүлүк түзүлсө, анда өзүбүздүн товарларды экспортко чыгарууга жакшы шарттар пайда болот.  Ошондуктан, бул бардыгыбыз үчүн керектүү жана маанилүү долбоор деп эсептейм.

-Ковид-19дан кийин Кыргызстан менен Кытай ортосундагы карым-катнаштардан максималдуу пайда алуу үчүн кайсы тармактардагы алакаларга басым жасоо зарыл?

-Чындыгында, пандемия бүткүл адамзаттын жашоого болгон баалуулуктарын кайрадан башка, жаңы көз караш менен кароого түрткү болду. Эң башкы байлык ден соолук экендигин өз жон терибиз менен сезүүдөбүз. Бул жугуштуу илдет келгиче материалдык байлыкты биринчи орунга коюп, иш-жумуш, карьера үчүн аракет кылып жүрүп, ден соолук маселеси арткы орундарда калчу. 

Ал эми, пандемиядан кийин ден соолукка пайдалуу, экологиялык жактан таза продукциялар менен азыктануу башкы орунга чыгат деп ойлойм. Мына, ошондуктан Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларына дагы суроо-талаптар көп болот. Бул жааттан алганда, жогоруда айтып кеткендей эбегейсиз рынокко эгедер Кытайга чыгуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болмокчу. 

Мындан сырткары, бизде туризм тармагын өнүктүрүү үчүн дагы толук шарттар бар. Ден соолукту чыңдоо туризми, медициналык туризмди өөрчүтүүгө дагы мүмкүнчүлүктөрдү тапса болот. Тоолуу аймактарыбызда ден соолукка пайдалуу суулардын эле канча түрү бар. Мисалы, радон, минерал, жылуу суулар, ар кандай булактар. Муну менен катар эле, дары чөптөр, туздуу шахталар ж.б. Тоонун таптаза абасы, шаркырап аккан суусу эле канчалык деңгээлде мээни сергитип, ден соолукту чыңдай тургандыгы бардыгыбызга белгилүү. Ошондуктан, инвесторлор менен иштешип санаторий, курорт, дарылоо жайларын ачууга аракеттерди кылуу керек. Туристтерди тейлөө кызматтарын жакшыртып, өнүктүрүү зарыл.

Менин оюм боюнча мына ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, Кытай менен дагы ушул багыттарда кызматташуу алакаларын өнүктүрсөк болот деп эсептейм. Кыргызстанды дүйнөгө “Ден соолук чыңдоочу жай” катары дагы таанытууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анткени, жаратылышынан ушундай байлыгы бар мамлекеттер дүйнөдө кол менен эле саналат. 

-“Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан” темир жол долбоору боюнча дагы өз оюңуз менен бөлүшө кетсеңиз?

-Бул темир жол долбоорунун талкууланып келе жаткандыгына көп жыл болду. Албетте, бул учурда “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагындагы маанилүү долбоорлордун бири деп эсептейм. Жогоруда айтып кеткендей, эгерде бул темир жол курулуп калса бизге абдан жакшы шарттар түзүлмөк. Эл аралык рынокко чыгууга дагы өз салымын кошмокчу.

-Кыргызстанга сырттан келип иштеген инвесторлорго түзүлгөн шарттар тууралуу өз оюңузду айтып берсеңиз, инвесторлорду тартуу үчүн жасалып жаткан кадамдар өзүн актоодобу?

-Чындыгын айтканда, бизде сырттан келген инвесторлорго түзүлгөн шарт начар деп эсептейм. Себеби, эң башкысы инвестордун укугун, кызыкчылыгын коргоо зарыл. Ал башка мамлекетке акчасы менен келет. Эгерде инвесторго жакшы шарттар түзүлсө, бул жерден эки тарап тең утушта болот. Бирок, Кыргызстанда инвестордун укуктары эч эле корголбойт. Ошондуктан, алар Кыргызстанга келгенден коркушат. Албетте, сырттан келген ишкерлер бизге керек. Тилекке каршы, учурда алар үчүн ыңгайлуу шарттар болбогондугу үчүн, өлкөбүзгө тартуу бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. 

Эгерде, экономикабызды өнүктүрөбүз десек, ишкерлерди тартып келип алардын күчүн пайдаланабыз десек, анда албетте инвесторду коргоо шарттары боюнча туура мыйзамдарды кабыл алуубуз керек. Ал мыйзам дагы кагаз жүзүндө калып калбай, системалуу түрдө иштөөсү зарыл. Бул багытта абдан жигердүү иш-аракеттерди, реформаларды жүргүзүү заман талабы. Коррупцияны түп-тамыры менен жогото албасак дагы, анын деңгээлин төмөндөтүү инвесторлордун бизге болгон ишенимин жогорулата алат деп ойлойм. Мына, ушундай иш-аракеттерден кийин гана сырттан келген ишкерлер биздин өлкөнүн экономикасына өз салымдарын кошо алышмакчы. 

-Сөз соңу...

-Биз азыр негизинен коңшу мамлекет менен экономикалык жааттагы маселелер боюнча маек курдук. Бирок, менин оюмча учурда маданият жаатындагы байланыштар дагы абдан маанилүү. Менин байкоомда биздин элде Кытай тууралуу маалымат аз. Ошондуктан, эл туурабы же туура эмеспи ага карабастан эле, коңшу мамлекет жөнүндө өзүнүн кандайдыр бир ой-пикирлерин түзүп алышкан. Бул дагы да болсо маалыматтын жетишсиздиги деп ойлойм.

Ошондуктан, Кытайдын маданиятын, салт-санаасын жакшылап таанып-билүү дагы эки элдин кызматташуусун чыңдоого өз салымын кошмокчу. Мисалы, биз орус маданиятын, Европа маданиятын жакшы билебиз. Бирок, коңшу эл, Кытайды анчалык деңгээлде тааныбайбыз. Эгерде, экономикалык жаатта болобу, башка тармактарда болобу бул өлкө менен жакын алакаларды түзөбүз десек, сөзсүз түрдө кытай элинин менталитетин, алардын адаттарын дагы үйрөнүп, билүүбүз керек. Мына, ошондон кийин гана бир-бирибизге ишеним пайда болуп, көз караш өзгөргөндөн кийин гана ийгиликтүү кызматташуу алакаларын кура алабыз деп ойлойм. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)