WeChat      Избранное

11-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды – жалпы 1016

11/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

11-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды – жалпы 1016

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 11-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 16 адамга жетти.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган учурлардын ичинен Бишкек шаарында – 6, Чуй облусунда - 1, Ош облусунда - 2, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 2 жана Ысык-Көл облусунда - 2 адамда коронавирус табылды. 

Сутка ичинде Бишкек шаарынан 11, Нарын облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 688 бейтап айыкты. 

Бишкек шаарында сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ошондо, республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпы 235 учур катталды, алардын ичинен 180 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. 

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган 316 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 9 адамдын абалы оор, үчөө реанимацияда жатат. 77 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 230 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деп маалымат берди. 

Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 371 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1100 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)