WeChat      Избранное

“Акыркы коңгуроо” – чоң жашоого кадам ташталган алгачкы коңгуроо

28/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

“Акыркы коңгуроо” – чоң жашоого кадам ташталган алгачкы коңгуроо

Сүрөттөр интернеттен алынды

Өлкө ичиндеги коронавирус кырдаалына байланыштуу салтка айланган 25-май “Акыркы коңгуроо” аземи быйыл 30-майга жылдырылып, онлайн режиминде өтө турганы белгилүү. Албетте, бул майрамды толук кандуу белгилебей калуу абдан өкүнүчтүү. Анткени, “Акыркы коңгуроонун” өзүнүн шаңы, өзүнүн маанайы болот эмеспи. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей балдардын ден соолугу жана коопсуздугу биринчи орунда тураары шексиз.

Майрамды утурлай, биздин редакциянын жамааты дагы кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чоң жашоого болгон алгачкы кадамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ар дайым жолдору шыдыр болуп, алдыга койгон ой-максаттары ишке ашсын!

Муну менен эле катар, шаар тургундарынын дагы ак тилектери менен бөлүшмөкчүбүз. 

Назгүл Чыңгыз кызы, филолог: “Кыргызстандын жаркын келечегине зор салым кошкон уул-кыздардан болгула!” 

-Чындыгында, “Акыркы коңгуроо” салтанаты окуучулардын жашоосундагы эң маанилүү иш-чара эмеспи. 11-жыл бою бирге окуган классташтар, таалим-тарбия берген агай-эжелер, сүйүктүү мектеп менен коштошуу кечеси бардыгыбыз үчүн өзгөчө майрам болуп эсте калгандыгы белгилүү. 

Тилекке каршы, быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрү акыркы коңгуроо добушун укпай, мектепти аяктоонун астында турушат. Албетте, бул өкүнүчтүү. Бирок, ден соолук коопсуздугу биринчи орунда турат. Ошондуктан, бул кырдаалды бардыгы түшүнүү менен эле кабыл алды деп ойлойм. Коронавирус илдети бардыгыбызды тынчсыздандырып турган чагы. Андыктан, балдарыбыздын мектепке барбай эле аралыктан окууларын жыйынтыктап жатканы дагы туура кадам. 

Учурдан пайдаланып, жалпы эле мектеп бүтүрүүчүлөрүн алдыда боло турган “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен куттуктайм. Алдыда жолуңар ар дайым шыдыр болсун. Каалаган окуу жайыңарга өтүп, Кыргызстандын жаркын келечегине зор салым кошкон уул-кыздардан болгула!

Айгерим Рыскулова, юрист: “Элибизде тынчтык болуп, тез арада бул аты жаман дарттан кутулсак деген эле башкы тилек” 

-Ковид – 19 дартына байланыштуу быйыл өлкөнүн бардык тармактары өзгөчө кырдаалда иштөөгө мажбур болду. Билим берүү министрлиги дагы окуучуларды мектепке чогултпай, 4-чейректи аралыктан өткөрүү чечимин кабыл алды. “Акыркы коңгуроо” аземин ар бир мектеп онлайн режиминде өткөрүүгө даярданып жатышат. 

Менин кызым быйыл мектеп бүтүрүүчүсү. Ошондуктан, бир жагынан кызымдын салтка айланган акыркы коңгуроосу болбой калгандыгы өкүндүрсө, экинчи жагынан учурдагы кырдаалда балдарды бир арага чогултпай эле турганы жакшы деп ойлонуп тарган чагым. 

Эң башкысы балдарыбыздын келечеги кең болуп, ден соолуктары чың болсун. Алтын баштары аман болсо, буюрса 10 жылдык, 20 жылдык кечелерин деле татыктуу өткөрүп алышат деп ишенем. Элибизде тынчтык болуп, тез арада бул аты жаман дарттан кутулсак деген эле башкы тилек. 

“Акыркы коңгуроо” – чоң жашоого кадам ташталган алгачкы коңгуроо

Тилек Усубалиев, мектеп бүтүрүүчүсү: “Мугалим агай-эжелериме терең ыраазычылыгымды билдирем” 

-Кыргызстанга коронавирус илдети жайыла баштаган кезден баштап эле, бизди каникулга таратышты. 4-чейректи аралыктан окудук. Албетте, классташтарымды, мектепти сагындым. 

Мектептеги акыркы чейрегибиз ушундай аяктайт деп эч күткөн эмеспиз. Мурдагы бүтүрүүчүлөргө окшоп, “Акыркы коңгуроого”, экзамендерге чогуу даярданабыз деген пландарыбыз бар болчу. 

Азыр үйдө жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жатам. Ушул сынакты ийгиликтүү тапшырып алсак, коронавирус илдети басаңдап, азайгандан кийин классташтарыбыз менен чогулуп, кичинекей болсо дагы майрамдык иш-чара өткөрөлү деп сүйлөшүп жатабыз. 

Классташтарыма ийгилик каалайм. Каалаган ой-тилектери ишке ашсын. Эң башкысы бардыгыбыз өзүбүз каалап, окугубуз келген ЖОЖдорго өтөлү. Учурдан пайдаланып, мугалим агай-эжелериме, класс жетекчим Айтолкун Токтосуновнага дагы ыраазычылык билдирмекчимин. Ден соолуктары чың болуп, балдарга мыкты тарбиясын берип жүрө беришсин. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)