WeChat      Избранное

Кыргыз-тажик чек ара чыры – аскерлердин үчөө ооруканага жаткырылды

09/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз-тажик чек ара чыры – аскерлердин үчөө ооруканага жаткырылды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 8-майында Баткен облустук бириктирилген ооруканасына 4 жабырлануучу (4 аскер кызматкерлери, 1 жөнөкөй жаран) келип түшкөн. Алардын үчөө ооруканага жаткырылып, бирөө алгачкы медико-санитардык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандыраарлык абалда амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө ооруканада дарыланып жаткандар:

1.Жабырлануучу С.у.М., 1994-ж.т. Диагнозу: кыр арканын көкүрөк тушуна ок атуудан алган жаракаты, курсак жана жамбаш сөөгүнүн ок атуудан алган жаракаты. Операция жасалды, абалы өтө оор деп бааланууда.

2.А.у.М., 1995-ж.т. Диагнозу: көкүрөк туштун ок тийгенден алган жаракаты. Операция жасалды, абалы орточо оор , туруктуу.

3.Т.у.Ч.,1996-ж.т. Диагнозу: көкүрөк тушун ок тешип өткөн. Жараатты баштапкы хирургиялык жол менен тазалоо жасалды, абалы орточо оор, туруктуу.

Бардык жабырлануучулар медициналык көзөмөл астында, дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар, кандын компоненттери жетиштүү көлөмдө бар.

Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасынан нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматологдон турган дарыгерлердин тобу Баткен облустук бириктирилген ооруканасына келишти.

Эске сала кетсек, 8-май күнү Баткен облусунун Чек аттуу жергесинде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, аталган жер тактала элек болгон, бирок аны иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып келген. Эки ортодогу чырдан ок атылган. Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысы, бир жергиликтүү тургун жараат алган.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)