Мектеп бүтүрүүчүлөрү кайсы предметтер боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүшөт?
Сүрөт интернеттен алынды
Мектеп бүтүрүүчүлөрү кайсы предметтер боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтөөрү белгилүү болду. Бул тууралуу КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
9-класстарда негизги жалпы билим берүү программалары боюнча тѳмѳнкү предметтерден жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо ѳткѳрүлѳт:
математика (алгебра);
эне тили (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик тилдери);
Кыргызстандын тарыхы;
кыргыз тили (окутуу орус, ѳзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгѳн мектептерде)
орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептерде).
11-класстарда жалпы орто билим берүү программалары боюнча тѳмѳнкү предметтерден жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо ѳткѳрүлѳт:
математика (алгебра);
эне тили (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик тилдери);
Кыргызстандын тарыхы;
кыргыз тили (окутуу орус, ѳзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгѳн мектептерде)
орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептерде) .
Гуманитардык, табигый-илимий жана физика-математикалык багыттагы жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган жалпы билим берүү уюмдары, айрым предметтерди тереңдетип окуткан мекемелер ѳз алдынча тандоо предметин аныктай алышат.
Эске сала кетсек, коронавируска байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.
последние
● 【наши соседи】 Интеллигенция Кыргызстана обратилась с просьбой к президенту Узбекистана
● Мектеп бүтүрүүчүлөрү кайсы предметтер боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүшөт?
● Депутат Руслан Казакбаев сырттан инвесторлорду тартуу боюнча Өкмөткө өз сунушун билдирди
● Не хотите идти в налоговую для заверения справок? Есть альтернатива!
Рекомендация
- 1Контактными с зараженными COVID-19 признаны в стране более 4 тысяч человек
- 2Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков поздравил сегодня, 5 мая, кыргызстанцев с Днем Конституции
- 310-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 71 жаӊы учуру катталды – жалпы 1002
- 47-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 24 жаӊы учуру катталды – жалпы 895
- 5Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 137 жаран кармалды