12-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 21 жаӊы учуру катталды – жалпы 1037
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 12-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 21 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 37 адамга жетти. Алардын ичинен 709 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган учурлар Бишкек шаарынан 10, Нарын облусунан 7, Жалал-Абад облусунан 3 жана Чүйдөн бир адамдан чыкты. Кыргызстанда дагы 21 бейтап коронавирустан айыкты. Сутка ичинде Бишкек шаарынан 12, Ош шаарынан 3, Ош облусу 3, Нарын облусунан 1, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап үйлөрүнө чыгарылды.
Тилекке каршы, Нарын облусунда бир сутка ичинде 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Жалпысынан республика боюнча бул илдетти жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 241ди түздү. Алардын ичинен 186 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан.
Кыргызстанда коронавирус жуктурган 316 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 7 адамдын абалы оор, төртөө реанимацияда жатат. 75 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 234 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Ооругандардын негизги бөлүгү 20 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар. Көпчүлүгү байланышта болгон учурлар. Анализ көрсөтүп тургандай, 60 жаштан улуу адамдар көп ооруйт”, - деп маалымат берди.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 594 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1109 адам жатат.
последние
● В Кыргызстане зарегистрирован еще 21 случай коронавируса
● 12-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 21 жаӊы учуру катталды – жалпы 1037
● Информация о смерти одного из раненых пограничников не соответствует действительности
● Новый экспорт Китая – опыт по восстановлению работы и производства
Рекомендация
- 1 Президент Жээнбеков выразил глубокие соболезнования родным и близким врача Жузум Кокумбаевой
- 2В Лейлекском районе приступили к ликвидации последствий селя
- 35-майга карата коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 135 жаран кармалды
- 43-майга карата коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 110 жаран кармалды
- 5Сегодня после долгого перерыва в стране прошел долгожданный рабочий день для тысяч людей