WeChat      Избранное

Улан Бийгелдиев: “Коронавирус менен күрөшүүдө эң башкы талап бул - дисциплина”

26/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Улан Бийгелдиев: “Коронавирус менен күрөшүүдө эң башкы талап бул - дисциплина”

Сүрөттөр маек ээсине таандык

Бүгүнкү күнү Талас облусу Кыргызстан боюнча коронавирус илдети катталбаган бирден-бир жалгыз аймак болуп калууда. Чындыгында, жугуштуу дарттын таралышын болтурбоо үчүн чараларды көрүүдө жергиликтүү бийликтин, медициналык мекемелердин ролун дагы баса белгилөө зарыл.

Мына, ушул жаатта биздин редакциянын журналисти К. Субанбаев атындагы Кара-Буура аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Улан Бийгелдиев менен маек курду.

- Кыргызстанда, 18-март күнү коронавирус аныкталды дегенде, сиздер кандай чара көрө баштадыңыздар?

- Дүйнөдө ковид-19 вирусунун тез арада эле күч алып, жайыла баштаганы бардыгыбызды эле кыжаалат кылды. Бул тууралуу кесиптештерим менен дагы сүйлөшүп жаттык. Убакыт өткөн сайын масштаб кеңейип, оорунун жайылуу аймагы чоңоюп жатты. Көп өтпөй Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан аталган дарт пандемия катары жарыяланды. Пандемия деп жарыяланышы эле, оорунун канчалык деңгээлде коркунучтуу экендигин көрсөтө алды деп эсептейм.

Ал эми, 18-март күнү Кыргызстанда алгачкы жолу коронавирус илдети менен катталган жарандарыбыз аныкталды. Чындыгында, бул багытта алдын-ала иштер башталып, даярдыктар болуп калган. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн алгоритм менен райондук штаб оперативдүү иштерди жүргүзө баштады.

Бул көйгөй бардыгыбызды бириктирип, чогуу жумуш кылууга чоң түрткү болду десем болот. Ар тармактын жетекчилери “биздин компетенциябызда эмес, башка түзүм” деген сыяктуу түшүнүктөрдү унутуп коюшту. Бардык маселелер так жана биргелешкен күч-аракеттер менен чечилди. Милиция, ӨКМ, жергиликтүү администрациялар бардык тараптан олуттуу колдоо көргөзүлдү. Тактап айтканда, Манастын жети осуятында айтылгандай “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, ковид-19 вирусуна каршы иштерди жүргүзө баштадык.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев баш болгон топ ар бир районго барып, жергиликтүү элдин көйгөйүн угуп, аларга колдоо көрсөтүп жардам берип жатты. Мекеме кызматкерлери менен жолугушуп, кеп-кеңештери менен бөлүшүп,

сунуштарын дагы угушту. Бул жерден облус башчысынын коронавирус менен каршы күрөшүүдө кылган аракеттерин, кошкон салымын баса белгилөө керек деп эсептейм.

- Оорукана жасалма дем алдыруучу аппараттар менен камсыз болгонбу, дары-дармектер жетишсиздиги барбы?

- Биздин ооруканада, учурдагы кырдаалга байланыштуу атайын 96 орун бөлүнүп, даярдалган. Беш жасалма дем алдыруучу аппарат менен камсыз болгонбуз. Алардын бардыгы иштейт. Жетиштүү десем болот. Мындан сырткары, 10 кычкылтек аралашмалары бар.

Улан Бийгелдиев: “Коронавирус менен күрөшүүдө эң башкы талап бул - дисциплина”

- Эпидемия башталганда, беткап, коргоочу кийимдердин жетишсиздиги белгилүү болду. Сиздерде бул маселе кантип чечилген?

- Бизде жеке коргонуу каражаттары, дезинфекциялоочу каражаттар жетишсиз болгон жок. Медиктерибизди зарыл болгон коргонуу каражаттары менен толук жабдууга жетише алдык. Алдын-ала медициналык беткаптар сатылып алынган. Бул жагынан бир гана кемчилик "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекемелер ыкчам, жеткирүүчүдөн зарыл болгон каражатты түздөн-түз сатып албаганы болду окшойт. Тендерди өткөрүү талабы бар эмеспи. Бул процедура албетте, көп убакытты талап кылат. Бирок, бул жаатта жергиликтүү бийлик тарабынан олуттуу жардам көрсөтүлдү.

- Учурда, жаңы дартты аныктоочу канча тест жетиштүүбү?

- Ооба, башында бул жаатта көйгөй бар эле. Анткени, сырттан келгендерди текшерип, ПЦР-тест үчүн анализдерин алып, Бишкекке текшерүүгө жөнөтүп жаттык. Ал 3-4 күн убакыт мөөнөтүн алып жатты.

- Сиз жетектеген ооруканада канча дарыгер коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын окууулардан, тренингдерден өтүштү?

- Тармактарды санариптештирүү канчалык деңгээлде маанилүү экендигин ушул коронавирус кырдаалы так көрсөтө алды деп ойлойм. Анткени, бардык окуулар, конференциялар аралыктан өтүп калды. Бул багыт абдан ыңгайлуу жана жеңил деп эсептейм. Биз оорукананын сыртына чыкпай эле, ковид-19 тууралуу толук маалымат алып, аны башка оорудан кайсы белгилери аркылуу так аныктоого болоорун жана ушуга байланыштуу башка маалыматтарды алып, үйрөнүп жаттык. Медайымдарды жана “Тез жардам” унаасынын айдоочуларын аттестациядан дагы өткөрдүк.

- Дарыгерлердин өздөрүн дагы коронавирус илдетине текшерип жатасыздарбы?

- Ооба. Мисалы биздин лаборанттардын бири тесттен 4 жолу өткөн. Атайын медицина кызматкерлери үчүн график түзүлгөн. Ошого жараша дарыгерлер текшерүүдөн өтүп турушат. Алгач, обсервацияларда иштеген дарыгерлер текшерилет. Өзүм дагы бир нече жолу тест тапшырдым.

- Дарыгерлер тарабынан мобилдик топтор түзүлүп, коронавирусту аныктоо үчүн айылдарды кыдыруу болуп жатабы?

- Биздин райондо төрт дарыгерлер тобу иштеп жатат. Топтун курамында коопсуздук органдарынын дагы өкүлдөрү бар. Алар күзөттө турушат, маалы-маалы менен айылдарды дагы кыдырып келишет.

- Сиздин дарыгерлер башка аймактык ооруканалардагы кесиптештерине жардам көрсөтүү үчүн командировкага барган учурлары болдубу?

- Өзүбүздө кадрлардын жетишсиздиги бар. Баарыбызга маалым болгондой, мындай көйгөй бизде гана эмес, бардык аймактарда кездешет. Албетте, зарыл болсо, биздин дарыгерлер жардамга келүүгө даяр. Учурдан пайдаланып, өзүмдүн кесиптештериме, эмгек жамаатыма ыраазычылык билдиргим келет. Дарыгерлер гана эмес, алардан кем калбаган тобокелге барган мадайымдарыбыз арасында дагы коронавирус жуктуруп алуудан корккон бир дагы билдирүү болгон жок. Чындыгында, бул согуш талаасы да. Эң коркунучтуусу көзгө көрүнбөгөн душмандар менен согушуу эмеспи. Жеңишке чейин күрөшүүгө бардыгы даяр.

Улан Бийгелдиев: “Коронавирус менен күрөшүүдө эң башкы талап бул - дисциплина”

- Облус аймагына кирүүдө кандайдыр бир өзгөчө чаралар көрүлгөнбү?

- Андай деле өзгөчө чаралар жок. Эң башкысы темирдей тартип. Облус жетекчилиги тарабынан тартипти сактоо, эрежелерге баш ийүү башкы талаптардын бири. Облустун ичинде бир райондон башка бир районго барууда адамдардын саны дагы чектелген. Бардыгы изоляцияда болушту. Мына, ушундай көрүлгөн чаралардын арты менен сезондук сасык тумоо менен ооругандардын саны дагы аз болду.

Эл бийлик тарабынан кабыл алынган чараларды түшүнүү менен кабыл алды. Калк арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүрдү. Ага жергиликтүү тургундар дагы жардам көрсөтүп, посттор түзүлүп, күзөттө туруп жатышты. Бардык жерде дисциплина бар. Дарыгерлер, жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдары, ӨКМ күнү-түнү иштеп, өз кызматтарын жигердүү аткарып жатышат.

Облуска кирүү үчүн Чоң Капка жана Талдыбулак эки өткөрмө пунктунан өтүү керек. Ал жакта сырттан киргендерден экспресс-тест алынып жатты. Эгерде, тест терс жыйынтык көрсөтсө карантиндин эрежелерин так сактоого милдеттендирилип, кое берилет. Ал эми, клиникалык белгилери болсо, жакынкы обсервацияга жаткырабыз.

Азыркы учурда, эң башкысы бардыгыбыз биргеликте бул илдетке каршы күрөшүүбүз абзел. Медик катары, бардык кыргызстандыктарга жеке гигиенаны жана сыртка чыкканда аралыкты сактоо учурдун талабы экендигин айткым келет. Эң башкысы ден соолук. Бардыгыңыздарга чың ден соолук каалайм.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)