Бүтүрүүчү класстарды мамлекеттик аттестациялоо быйыл башкача форматта өтөт
Сүрөт интернеттен алынды
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечимди биринчи кезекте окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Бул кадам мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Жалпы республикалык тестирлөөгө көбүрөөк убакыт бөлүп, жакшылап даярданууга дагы жакшы мүмкүнчүлүк түзүп бермекчи.
Министрлик сунуштаган формат боюнча ар бир мектепте тиешелүү буйруктун жана убактылуу жобонун негизинде предметтик комиссиялар түзүлөт. Алар бүтүрүүчү класстын окуучусунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат.
Эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар) жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Апелляциялык комиссия жобого ылайык арызды карап чыгат.
Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.
последние
Рекомендация
- 1АБР предоставил Кыргызстану пакет помощи в $50 миллионов
- 2В Кыргызстане зацвели уникальные тюльпаны
- 3Зулайка Минбаева: Работать разрешили, но не хочу рисковать здоровьем людей
- 4В Иссык-Кульской области усилили контроль за въездом и выездом из региона
- 5Ординаторы КГМА работают на передовой борьбы с COVID-19