WeChat      Избранное

16-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 6 жаӊы учуру катталды – жалпы 1117

16/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

16-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 6 жаӊы учуру катталды – жалпы 1117

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 16-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 6 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 117 бейтап. Анын ичинен  783 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Нурболот Үсөнбаев: “Сутка ичинде Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында - 1, Ош облусунда- 1 жана Баткен облусунда - 1 жаңы учур катталды. 

Кыргызстанда дагы 38 бейтап коронавирустан айыкты. Бишкек шаарынан – 31, Жалал-Абад облусунан – 5 адам, Нарын облусунан - 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. 

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 353 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 6 адамдын абалы оор, төртөө реанимацияда жатат. 66 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 248 бейтаптын абалы канааттандырарлык. ”, - деп маалымат берди.  

Министрдин орун басары белгилегендей, сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 334 изилдөө жүргүзүлдү. Учурда, өлкө ичинде байланышта болгон, кандайдыр бир күмөн жараткан учурлардын бардыгы текшерүүдөн өттү. 

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 5 228 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 146 адам жатат.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)