WeChat      Избранное

Күч бирдикте - Кытай Кыргызстанга жардам берүүсүн улантууда

11/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Күч бирдикте - Кытай Кыргызстанга жардам берүүсүн улантууда

Сүрөт интернеттен алынды

Кытай Өкмөтү 100 000 даана ПЧР-тест, медициналык көз айнек - 30 000, N95 бет кап - 30 000, медициналык бет кап - 150 000, 1000 даана термометрди чартердик каттам  менен Кыргызстанга гуманитардык жардам катары жеткирип берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. 

Берилген маалыматка ылайык, КЭРден келген гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым катышты.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кытай Өкмөтү гуманитардык жардам гана бербестен, коронавируска каршы күрөшүүдө кеп-кеңеш жактан дагы жакшы көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанга Кытайдын медициналык эксперттик тобу келип кеткен. Алар саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерин окутуп, коронавируска каршы күрөшүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп кеткен. Берилген гуманитардык жардам жарандардын ден соолугуна алып келген коркунучтарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүнү шарттайт. Берилген гуманитардык жардам үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирем», - деди Акрам Мадумаров.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында Кыргызстан биринчилерден болуп Кытай Эл Республикасына гуманитардык жардам бергенин белгиледи. 

Эскерте кетсек, буга чейин дагы Кытай Өкмөтү Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары коргоочу медициналык жабдууларды берген.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)