WeChat      Избранное

Замира Акбагышева: “Өкмөт менен биргеликте эл дагы бул илдетти жеңип чыгууга аракет кылып, ар бир тарап өз үлүшүн кошуусу абзел”

22/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Замира Акбагышева: “Өкмөт менен биргеликте эл дагы бул илдетти жеңип чыгууга аракет кылып, ар бир тарап өз үлүшүн кошуусу абзел”

Сүрөт интернеттен алынды

Учурда бүтүндөй дүйнөнү сестентип жаткан коронавирус илдети, Кыргызстанда дагы оор абалды жаратып жаткан кези. Мына, ушул багытта биздин редакциянын журналисти Кыргызстан Аялдар Конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева менен маек курду.

Замира Акбагышевна коронавирус кырдаалында конгресстин жүргүзгөн иштерине токтолуп, Кытай Эл Республикасынын аталган илдет менен күрөшүүдө биздин мамлекетке көрсөткөн колдоосуна дагы ыраазычылык билдирип өттү.

- Алгач, өлкө ичиндеги коронавирус кырдаалына токтолуп, андан чыгуу үчүн кандай кадамдардын аткарылуусу зарыл деп ойлойсуз, ушул багытта өз оюңуз менен бөлүшүп кетсеңиз?

- Албетте, коронавирус илдети аркылуу түзүлгөн кырдаал Кыргызстандагы бир топ көйгөйлүү маселелерге өзгөчө көңүл бурдуруп, элди дагы Өкмөттү дагы кээ бир маселелерди чечүүдө катаал чараларды көрүүгө аргасыз кылды. Чындыгында, аталган жугуштуу дарт менен ооругандардын саны Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу көп эмес. Бул дагы болсо, Өкмөт тарабынан кабыл алынган эрежелерди, талаптарды эл түшүнүү менен кабыл алып, оорунун жайылып кетпөөсү үчүн бир катар аракеттерди көргөндүгүн жыйынтыгы деп эсептейм.

Учурда, көпчүлүк жайларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып, эл кызматындагы мекемелер маал-маалы менен текшерүүдөн өтүп жаткандыгын көрүүдөбүз. Карантин мезгили кандайдыр бир деңгээлде жашоонун маңызын кайрадан карап чыгууга, турмуштун буркан-шаркан дайрасында кете бербей токтолуп, эки жагыбызга сереп салып, анализ кылууга дагы мүмкүнчүлүк берди.

Албетте, бул кырдаал өлкөнүн экономикасына дагы залалын тийгизбей койгон жок. Өзгөчө кичи жана орто бизнес ээлери оор кырдаалда калгандыгы айтылууда. Бирок, жалпы элге Өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө. Мына, ошол мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу пайдалануу заман талабы. Медицина кызматкерлерине, коопсуздук кызматкерлерине дагы кам көрүлүп жаткандыгы белгилүү, алардын эмгеги дагы акталат деп ойлойм. Бул багытта мамлекет жигердүү иш-аракеттерди аткаруусу

зарыл. Мына, ушундай кадамдар дагы эл менен Өкмөттүн ортосундагы мамилени жакшыртууга өбөлгө болмокчу. Албетте, бул байланыш эки тараптуу болуусу керек. Өкмөт менен биргеликте эл дагы бул илдетти жеңип чыгууга аракет кылып, ар бир тарап өз үлүшүн кошуусу абзел.

- Ушундай кырдаалда Кыргызстан Аялдар Конгресси өз ишмердүүлүгүн кандай жүргүзүп жатат?

- Биздин конгресс сиздерге маалым болгондой Бүткүл Кытай аялдар федерациясы менен дагы тыгыз байланышта. Кыргызстанда коронавирус илдети башталганда алар дагы бизге өз колдоосун көрсөткөн кат жөнөтүшкөн. Ал катта вирус менен күрөшүүдө болгон тажрыйбалары менен дагы бөлүшүп, жакшы кеп-кеңештерин жолдошту. Төрөт үйлөрүнө дагы жардам көрсөтүү боюнча өз сунуштарын билдиришти. Ошондуктан, биз дагы төрөт үйлөрүнө жеке коргонуучу каражаттарды тартууладык.

Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнь айымга өз ыраазычылыгымды билдиргим келет. Анткени анын, элчиликтин талыкпай кылган кызматынын жыйынтыгында дагы ушундай гуманитардык жардамдар Кытайдан көп келүүдө.

Коронавирус жаңы гана Кыргызстанда пайда болгон кезде, мен элчи айымдын КЭРдин Тышкы иштер министри менен болгон сүйлөшүүсүнө күбө болуп калдым. Ал өз сөзүндө “Кыргызстанга мынча тест, мынча жеке коргонуучу каражаттар зарыл, башка мамлекеттерге кете электе, биз алып калалы”, - деп, абдан шашылыш сүйлөштү эле. Ошондо, мен элчи айымдын ишмердүүлүгүнө абдан жогорку бааны бергем. Ал чыныгы дипломат. Көп эле жолу “эки элдин ынтымагын бекемдейин, ушул элге көбүрөөк жардам берейин”, - деп, жан-дили менен берилип иштегенин көрүп жүрөбүз.

Элчиликт Кыргызстанга жардам берүү менен эле бирге, биздин конгресске дагы бет каптарды жөнөттү. Бул дагы бир жолу, анын бардыгына бирдей карап, бардыгына жардам берүүгө умтулгандыгынан кабар берет.

Чындыгында, учурдагы кырдаалда, Аялдар Конгресси бир дагы күн эс алган жок. Аралыктан иштеп жаттык. Социалдык тармактар аркылуу дарыгерлердин айтканы менен бөлүшүп, элди тартипти сактоого дагы чакырып жаттык. Карантин учурунда ар кандай эл аралык донорлор менен дагы байланышып, Кыргызстандын айымдары үчүн керектүү болгон маалыматтарды топтоп, алардын билим алуусуна өбөлгө болууга болгон аракеттерди көрдүк.

Учурда, төрт долбоорду жаздык. Буюрса, карантин бүтөөрү менен массалык түрдө өтө турган иш-чараларды өткөрмөкчүбүз. Улуу Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгы, Энелер күнүнө карата дагы жакшы бир иш-чаралар болот эле. Тилекке каршы, алар убагында ишке ашпай калды. Бирок, бул ишибизди кеч болсо дагы өткөрөбүз деп турабыз.

Кыргызстандын айымдары энциклопедиясын дагы онлайн режиминде даярдап жатабыз. Бул энциклопедияга жергебиздин мыкты айымдары кирүүдө. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айымды дагы бул энциклопедияга киргизүү боюнча сунуштар түшүп, биз дагы бул демилгени колдодук.

Албетте, алгачкылардан болуп бул китепке коронавирус менен күрөшүүдө эмгек кылган ак халатчан айымдарыбызды киргизмекчибиз.

Биз ар дайым Кыргызстан аялдарын колдоп келебиз. Негизинен аларга экономикалык тармактан билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп, өз алдынча иш ачып кетүүгө дагы көмөк көрсөтөбүз. Учурдагы кырдаалда дагы, бизге кайрылган айымдарыбыз көп. Алардын сунуштарын, кайрылууларын анализдеп, карап чыгып, андан соң эл аралык донорлорго кайрылып, жеке бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө өз аракеттерибизди кылмакчыбыз.

- Коронавирус илдетин алдын-алуу, аны жайылтпоо, ага каршы чараларды көрүүдө Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга байма-бай жардамын көрсөтүүдө. Бул эки элдин биримдигин тастыктай алды деп ойлойсузбу, ушул жаатта өз оюңуз менен бөлүшө кетсеңиз?

- Чындыгында, Кыргызстанга коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө Кытай Эл Республикасы жакшы бир деңгээлде өз көмөгүн көрсөтүп жатат. Сиз айткандай, буга коңшу мамлекеттен байма-бай келип жаткан гуманитардык жардамдар толук далил болуп бере алат.

Бул дагы да болсо эки мамлекеттин ортосундагы достук алаканы, ар тараптуу ийгиликтүү кызматташууну тастыктайт. Мындай кадамдар эки элдин ортосундагы ынтымакты дагы бекемдейт деп ишенем.

Коңшу элден буга чейин деле жардамдар келип жүргөндүгүн билебиз. Бирок, өздөрү дагы бул оорудан жапа чегип, кыйналып турган мезгилинде жеке гана Кыргызстанга эмес, көптөгөн дүйнө мамлекеттерине дагы колдоо көрсөтүп, жардам берип жаткандыгы мактоого арзырлык иш.

Кыргызстан менен Кытай ар дайым достук алакада болуп, бир-бирин колдоп келген. Алдыда, дагы да болсо мамилебиз чыңдалып, ар түрдүү тармактарда байланышыбыз бекемделмекчи.

Эң башкысы тынчтык болуп, бардыгыбыз биргеликте коронавирус илдетин ынтымак ичинде жеңели. Бакубат турмушубуз улансын.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)