WeChat      Избранное

30-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 60 жаӊы учуру катталды – жалпы 1722

30/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

30-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 60 жаӊы учуру катталды – жалпы 1722

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 30-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 60 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 722 бейтап болду. Алардын ичинен 1миң 113 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы учурлар Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда - 1 жана Нарын облусу - 32 киши катталды. Андан тышкары, Россиядан келген курсанттардан - 2 учур жана Россиядан келгендердин арасынан дагы 2 жаңы учур аныкталды. Сутка ичинде Бишкек шаарынан 15, Нарын облусунан 10 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 593 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор, беш киши реанимацияда жатат. 82 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 499 бейтап канааттандырарлык абалда. 

Республика боюнча сутка ичинде 14 медкызматкер коронавируска кабылды. Алар Бишкек шаарында 2, Нарын облусунда 12 медкызматкер. Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен өлкөдө 344 учур медициналык кызматкерлер арасында катталды, алардын ичинен 247си стационарлардан айыгып чыккан.”, - деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, ал: “Бүгүн жаңы катталган 60 учурдун ичинен 52си байланышта болгондордун арасынан табылган. Коронавируска ишенбеген да жарандар бар, бирок бул инфекция тез убакытта жугуп, тарап кетишин эске салабыз. 

Мисал келтирсек, борбордогу объекттердин биринде коронавирус жугузуп алган бир кызматкерде илдеттин симптомдору билинген эмес. Ал жумушка келип, иштей берген. Тилекке каршы, кыска убакыттын ичинде аны менен байланышта болгон 60 кызматкердин 24дө вирус тастыкталган. Андан сырткары, үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жугузган учурлар кездешүүдө.

Андыктан, ар бир адамдан санитардык талаптарды так сактоого жана бул кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз”, - деп баса белгиледи. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)