WeChat      Избранное

12-майга карата элчиликтерге жана ТИМге дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 8 миң 712 кыргызстандык кайрылган

12/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

12-майга карата элчиликтерге жана ТИМге дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 8 миң 712 кыргызстандык кайрылган

Сүрөт интернеттен алынды

COVID-19 вирусу башталгандан бери Кыргызстанга 23 өлкөдөн 9 миң 196 жаран жер жана аба каттамдары аркылуу кайтып келди. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди. 

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан сырттагы мекендештерди алып келүү жолдорун издөө, аларга жардам берүү боюнча так жана конкреттүү тапшырмалар коюлган. Аталган тапшырманы аткаруу үчүн Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелер менен тыгыз иштешип, өнөктөш өлкөлөр менен аракеттерди көрүп жатат.

Чыңгыз Айдарбеков: “Жакынкы жумаларда 1 миңге жакын кыргызстандыкты алып келүү пландалууда. Алар Катардан – 36, Кувейттен – 105, Ирандан – 16, Франкфурттан – 58, Стамбулдан – 149, Москвадан – 402, Түштүк Кореядан – 35, Япониядан – 30, Беларустан 37 кыргызстандык. 

12-майга карата чет жактагы элчиликтерге жана Тышкы иштер министрлигине дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 8 миң 712 жараныбыз кайрылган. 

Министрлик тарабынан өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды турукташтырууга саясий дипломатиялык көмөк көрсөтүүнүн алкагында гранттарды, насыяларды, гуманитардык жардамдарды тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 

Биз Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Германия, Европа Биримдиги, БУУ жана башка өнөктөштөр, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары, КР Ардактуу консулдары тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалайбыз жана берилген гуманитардык жардамдар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз”, - деп маалымат берди. 

Тышкы иштер министрлиги COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында каражаттарды тартуу боюнча системалуу жана ырааттуу иштөөнү улантаары белгилүү болду. 

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)