WeChat      Избранное

Үй карантинин бузган жарандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

18/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Үй карантинин бузган жарандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Сүрөт интернеттен алынды

Өзгөчө абал жана Өзгөчө кырдаал киргизилген убакта өлкө боюнча үй карантининде 123 000 адам болгон, бүгүнкү күндө алар 28 592 адамды түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, үй карантининде болгон адамдардын ичинен 65 жаран КР Бузуулар, жоруктар жана кылмыш-жаза кодексине ылайык, карантиндик режимдин талаптарынын алкагында жоопкерчиликке тартылган.

Мирлан Каниметов: “Бүгүнкү күнү 36 жаранга айып салынып, калган учурлар боюнча жаза сот тартибинде каралууда.  Анда 30 миңден 60 миң сомго чейин же андан ашык айып түрүндө жаза, ошондой эле 3 жылга чейин эркинен ажыратуу дагы каралган. Ошондуктан, бардык жарандарды ССМнин карантин боюнча көрсөтүлгөн талаптарын бекем сактоого чакырабыз”, - деди. 

Муну менен эле катар, ал санитардык-карантиндик талаптарды бузган кафе, эс алуучу жайларга карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөөрүн дагы эскертти.  

“Кээ бир чоң шаарларда, мисалы Бишкек шаарында айрым эс алуучу жай, кафе, ресторандардын ээлери санитардык-карантиндик талаптарды так аткарбай, бузуп жатышат. Кээ бир кафелер, ресторандар ооз ачуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк беришүүдө. Мындан тышкары түнкү эс алуучу жайлардын иштеген учурлары дагы аныкталды”, - деп ал, санитардык-карантиндик талаптарды бузган кафелердин, эс алуучу жайлардын ээлерине карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөөрүн айтып, аларды мыйзамды бузбоого чакырды. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)