27-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 52 жаӊы учуру катталды – жалпы 1520
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 27-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 52 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 520 бейтап болду. Алардын ичинен 1043 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы учурлар Бишкек шаарында - 9, Ош шаарында - 7 учур, Ош облусунда - 2, Чүй облусунда - 3, Нарын облусунда - 17 учур, Жалал-Абад облусунда - 3, Баткен облусунда - 1. Ошондой эле Соль-Илецктен кайтып келгендер арасынан дагы 8 кишиден коронавирус табылды. РФдан келген курсанттардын арасынан да жаңы 2 учур катталды.
Кыргызстанда бир күн ичинде 28 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар Бишкек шаарынан 14, Нарын облусунан 8, Жалал-Абад облусунан 6 бейтап.
Республика боюнча бейтапканаларда 461 адам дарыланууда. Алардын ичинен 9 адамдын абалы оор, төрт киши реанимацияда жатат. 83 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 369 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Кыргызстанда бир күндө 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бишкек шаарында 5, Ош облусунда 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Сутка ичинде 6 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды”, - деп маалымат берди.
Муну менен эле катар, башкы дарыгер эл арасында үйдө өз алдынча дарыланып, ар кандай чөптөрдү, дары-дармектерди ичип жаткан учурлар дагы кездешип жаткандыгын айтып өттү. Бул бейтаптын абалын ого бетер начарлатып, оорунун кабылдап кетүүсүнө алып келип жаткандыгын дагы билдирди. Ал: “Бул абдан коркунучтуу нерсе. Оорунун кандайдыр бир белгилери байкалса, тез арада дарыгерге кайрылуу зарыл”, - деп сөзүн жыйынтыктады.
последние
Рекомендация
- 1В Кыргызстане зарегистрировали 15 новых случаев коронавируса. Всего теперь заболевших - 1365
- 2В отношении депутата Кубанычбека Жумалиева осуществляется досудебное производство
- 3Родственники раненого пограничника просят провести ему операцию в Москве
- 4Замира Акбагышева: “Өкмөт менен биргеликте эл дагы бул илдетти жеңип чыгууга аракет кылып, ар бир тарап өз үлүшүн кошуусу абзел”
- 5Улан Бийгелдиев: Глава области требует железной дисциплины