WeChat      Избранное

2-майга карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 13 жаӊы учуру катталды - жалпы 769

02/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2-майга карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 13 жаӊы учуру катталды - жалпы 769

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 2-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 769 адамга жетти. Алардын ичинен 410 - аял, 359 - эркек.

Айнура Акматова: “Жаңы катталган 13 учурдун ичинен Бишкек шаарында– 3, Ош шаарында - 2, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусу – 4, Баткен облусунда - 2 жана Нарын облусунда - 1 учур бар. Алардын 4 - аял, 9 – эркек.

Сутка ичинде коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар Бишкек шаарында – 9, Нарын облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда - 2, Ош облусунда – 1 бейтап. Учурда, коронавирустан айыккандардын саны 527ге жетти.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 234 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул илдетти жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 43 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 180 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Кыргызстанда сутка ичинде 2 медкызматкерде коронавирус аныкталды. Алар Ош шаарында бир жана Жалал-Абад облусунда 1 адам. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 200 учур катталган, алардын ичинен 122 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.

5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 53 миң 662ни түздү. Алардын ичинен 53 миң 580ге изилдөө жүргүзүлдү”, - деп маалымат берди.

Бүгүнкү күнү, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 3 232 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү

ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 828 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)