WeChat      Избранное

​ 9-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 25 жаӊы учуру катталды – жалпы 931

09/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

​  9-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 25 жаӊы учуру катталды – жалпы 931

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 9-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 25 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты. 

Жаңы учурлар Бишкек шаарында – 2, Чуй облусу – 4, Нарын облусу – 11, Ош облусу – 3, Жалал-Абад облусу – 4, Баткен облусу – 1. 

Бир сутка ичинде 8 бейтап ооруканадан айыгып чыкты: Бишкек ш. – 7, Нарын облусу – 1. Бүгүнкү күнү республика боюнча жалпы 658 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 

Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Бишкек ш. – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 3. Өлкө ичинде COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 231 учур катталды, алардын ичинен 166 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Учурда, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 261 бейтап ооруканаларды дарыланууда. Алты киши реанимацияда. 

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 214 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).Кыргызстан боюнча обсервацияда 1197 адам жатат.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)