WeChat      Избранное

Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алып кетти – жалпы 10

02/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алып кетти – жалпы 10

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 2-майында Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, бейтаптардын бири – медкызматкер, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси К.Д.А. 1962-ж.т., экинчи бейтап 1951-ж.т. Жалал-Абад облусунун тургуну.

Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздик оорулары болгон.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күнү республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды. Коронавирус жуктурган 234 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул илдетти жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 43 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 180 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Ал эми, бул жугуштуу дарттан кайтыш болгондордун саны учурда 10го жетти.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)