WeChat      Избранное

24-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды – жалпы 1403

24/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

24-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды – жалпы 1403

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 24-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 403 бейтап болду. Алардын ичинен 980 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Сутка ичинде катталган 38 жаңы учурдун ичинен Бишкек шаарында – 5 + 1 Санкт-Петербург ш. келгендерден, Чуй облусунда - 3 Соль-Илецк ш. келгендерден, Нарын облусунда - 25, Ош облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 1 жаңы учур катталды.

Бир күн ичинде республика боюнча коронавирустан 23 адам айыкты. Алар Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап үйүнө чыгарылды.

Учурда, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 409 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 11 адамдын абалы оор, төрт киши реанимацияда жатат. 65 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 333 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деп маалымат берди.

Муну менен эле катар, Нурболот Үсөнбаев жалпы элди жеке гигиенаны, аралыкты сактоого чакырды. Сыртта зарыл жумуш болбосо, үйдө болуу бүгүнкү күндүн башкы талабы бойдон калып жаткандыгын дагы эскертип өттү.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну күз айларына туура келүүсү мүмкүн, ошондуктан бул багытта дагы иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болду.

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны –6775 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1901 адам жатат.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)