25-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 30 жаӊы учуру катталды – жалпы 1433
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 25-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 30 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 433 бейтап болду. Алардын ичинен 992 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Нурболот Үсөнбаев: “Бишкек шаарында - 9 учур, Чуй облусунда бир, Нарын облусунда - 5, Ош шаарында - 3 учур, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 2 жана Баткен облусунда бир жаңы учур катталды. Ошондой эле Санкт-Петербург шаарынан келгендер арасынан 8 адамда дагы COVID-19 табылды.
Кыргызстанда бир күн ичинде 12 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар Бишкек шаарынан - 6, Нарын облусунан - 2, Жалал-Абад облусунан - 1, Ош облусунан - 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкекте сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бир күндө бейтапканадан 1 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 280 учур катталды, алардын ичинен 231 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Тилекке каршы, өткөн сутка ичинде коронавирустан эки бейтап дүйнө салды. Алардын бири белгилүү ишмер Мукар Чолпонбаев Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустан каза болду. Экинчи бейтап болсо, Жайыл аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 67 жаштагы жараныбыз ушул жугуштуу илдеттен кайтыш болду. Ошондо, республика боюнча коронавирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 16 адамга жетти”, - деп маалымат берди.
Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 841 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 307 адам жатат.
последние
Рекомендация
- 118-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 78 жаӊы учуру катталды – жалпы 1216
- 2Сооронбай Жээнбеков: Ответственность перед страной начинается с любви к Матери
- 3В Чуйской области наметилось заметное снижение поступлений в бюджет
- 4Үй карантинин бузган жарандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн
- 522-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 37 жаӊы учуру катталды – жалпы 1350
Горячие темы
● Явилась истина, и сгинула ложь. Десять фейков про COVID—19 #1
● Восемь ярких моментов в социально-экономическом развитии Китая в первом квартале 2020 г.
● 13-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 7 жаӊы учуру катталды – жалпы 1044
● Республиканын айрым аймактарына карантин режими киргизилет