WeChat      Избранное

Коронавирус менен күрөшүп жаткан медкызматкерлер кандай критерийлер менен кошумча төлөмдөрдү алууда

02/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Коронавирус менен күрөшүп жаткан медкызматкерлер кандай критерийлер менен кошумча төлөмдөрдү алууда

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын март айында коронавируска каршы күрөшкө тартылган 6036 медицина кызматкерине берилген компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 34 млн 963 миӊ сомду түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.

Карантиндик-казармалык аймакта иштеген медкызматкерлер тобокелчилик тобуна кирет, анткени алар ооруну жуктурган бейтаптар менен түздөн-түз иштешишет. Алар түзүлгөн график боюнча эмгектенип, эгерде медкызматкер стационарда 15 күн иштеп чыкса, ал 14 күнгө изоляцияга алынат. Ошондуктан ага обсервацияда жаткан ар бир күнү үчүн 900 сомдон төлөнөт.

Ал эми, карантиндик-казармалык аймакта тагыраагы стационарда иштеген дарыгерлер – 2300 сом, орто медперсонал – 2000 сом, кенже мед жана техперсонал – 1800 сом алат. График боюнча, суткасына иштеген медициналык кызматкерлерге (жумуш күнү бүткөн соӊ, үйүнө кетишет) жумуш саатына карата акча төлөнөт. Ошондо бир саатына дарыгерлер – 100 сом, орто медперсонал – 90 сом, кенже мед жана техперсонал – 80 сом алат. Тез жардам кызматында иштегендерге төлөмдөр ар бир бейтапты ооруканага жеткирүүгө жараша чегерилет. Дарыгерлер – 600 сом, орто медперсонал – 500 сом, кенже мед жана техперсонал – 400 сом.

Иш убактысына жараша ар бир медкызматкердин төлөмүнүн өлчөмү ар кандай болушу ыктымал.

Эске сала кетсек, 2-майга карата республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпы 200 учур катталган. Алардын ичинен 122 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккандыгы белгилүү.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)