Сүрөт интернеттен алынды
«Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору тарабынан Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталган гуманитардык жардамдын экинчи партиясы өлкөбүзгө жеткирилип берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 30-апрель күнү чартердик рейс аркылуу Бишкекке Кытай Эл Республикасынан ПЧР-тест жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар түрүндө гуманитардык жардамдын экинчи партиясы келген.
КРдин Тышкы иштер министрлиги аталган фонддорго жана алардын жетекчиси Джек Ма мырзага Кыргызстанга ушундай кырдаалда көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.
«КР президентинин тапшырасы боюнча жана Коопсуздук кеңеши менен Республикалык штабдын чечимдерине ылайык, ТИМ тарабынан өлкөгө медициналык коргоочу каражаттар түрүндө гуманитардык жардамдарды тартуу боюнча учурда иштер жүргүзүлүп жатат», - деп кошумчалашты ТИМдин басма сөз кызматынан.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар түрүндө гуманитардык жардамдын биринчи партиясы келген болчу.
последние
Рекомендация
- 1В Кыргызстане с начала действия режима ЧП родились более 17 тыс. детей
- 294 млн 900 миң сом ӨКМга COVID-19га каршы күрөшүү үчүн которулган
- 3Ош шаарында балдарды аралыктан окутуу үчүн муктаж болгон үй-бүлөлөргө телевизорлор убактылуу пайдаланууга берилүүдө
- 426-апрелге карата республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 61 жаран кармалды
- 526-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 17 жаӊы учуру катталды - жалпы 682