4-майга карата коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 115 жаран кармалды
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 4-майына карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 115 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 115 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 10 унаа киргизилди.
Алардын ичинен: Бишкек шаары– 91, Ош шаары -13, Жалал-Абад шаары-3, Ат-Башы району-8.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4280 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.
Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 346 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
последние
● В апреле по маршруту Китай-Европа прошло рекордное число грузовых поездов
● 4-майга карата коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 115 жаран кармалды
● Число зараженных коронавирусом в мире превысило 3,5 миллиона человек
● Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын катарына дагы 35 адам кошулду- жалпы 830
Рекомендация
- 11-майдан тарта ӨА жана ӨК шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу иштери башталмакчы
- 2Коронавирус менен күрөшүп жаткан медкызматкерлер кандай критерийлер менен кошумча төлөмдөрдү алууда
- 3Полпред правительства КР в Чуйской области принял медицинских экспертов из Китая
- 4Алексей Маслов: Китай – единственная страна, которая вышла из пике коронавируса, поддержала свою экономику и стала еще более влиятельной
- 5Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 142 жаран кармалды