WeChat      Избранное

ӨК режиминде Бишкекте ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн кандай документке ээ болуу зарыл

12/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

ӨК режиминде Бишкекте ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн кандай документке ээ болуу зарыл

Сүрөт интернеттен алынды

11-майда алдын-ала маалыматтарга карата борбор калаабыз боюнча өз ишин жандандырган 3782 чарбалык субъекттин кызматкерлеринин саны – 11 262. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө абал убагында 83 280 адам иштеген жана учурда өз ишмердүүлүгүн 3836 чарбалык субьект улантууда. 

Алмаз Бакетаев: “Жалпысынан борбордо 108 208 бирдик чарбалык субьект катталган. Алардын ичинен, 75 363 бирдик иштеп жатат. Жумушчулардын жалпы саны 238 064тү түзөт”, - деп белгиледи. 

Ишмердүүлүгү Өкмөт тарабынан бекитилип, уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн тизмесине кирген уюмдардын жана жеке ишкерлердин кызматкерлери ӨК режиминде Бишкек шаарында уруксаттын төмөндөгү эки түрү боюнча жүрө алат. 

1. Уюм же жеке ишкердик катталган борбор калаанын тийиштүү району боюнча Салык кызматынын башкармалыгынын мөөрү коюлган иш ордунан маалым каты.

(иш ордунан маалым катка тийиштүү мөөрдү койдуруу үчүн уюм же жеке ишкердик катталган жери боюнча борбор калаанын тиешелүү районундагы МСКБга билдирме жөнөтүлөт)

2.Борбордун тийиштүү району боюнча МСКБ электрондук билдирмени жактыргандан кийин www.312.meria.kg электрондук системасы аркылуу берилип, басылып чыгарылган QR-код.

Жеке ишкердиктерде аты-жөнү көрсөтүлгөн патент менен иштеген жалданма кызматкерлерине шаар ичинде жүрүүгө уруксат алуунун кажети жок. 

www.312.meria.kg электрондук системасы аркылуу жүрүүгө уруксат алууга билдирменин формасын ушул сайттан жеткиликтүү.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)