WeChat      Избранное

26-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 35 жаӊы учуру катталды – жалпы 1468

26/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

26-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 35 жаӊы учуру катталды – жалпы 1468

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 26-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 30 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 468 бейтап болду. Алардын ичинен 1015 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 35 учур Бишкек ш. – 12 + 4 Россиядан келген аскер кызматкерлеринен, Чуй облусунда - 4 + 3 Соль-Илецктен келгендерден, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 8 адамдан табылды.

Кыргызстанда бир күндө 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Сутка ичинде Бишкек шаарынан 20, Нарын облусунан 1, Жалал-Абад облусунан 2 бейтап үйлөрүнө чыгарылды.

Республика боюнча бул жугуштуу илдет менен 425 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 8 адамдын абалы оор, төрт киши реанимацияда жатат. 77 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 352 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Кыргызстанда сутка ичинде 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Алар Бишкек шаарынан 4, Нарын облусунан 3 медкызматкер. Ал эми, стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 287 учур катталды, алардын ичинен 237 медкызматкер айыгып чыккан”, - деп маалымат берди.

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 875 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 333 адам жатат

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)