Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын катарына 26 адам кошулду- жалпы 795
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 3-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 795 адамга жетти.
Айнура Акматова: "Жаңы учурлар Бишкек шаарында 14, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 9 жана Баткен облусунда 1 учур катталды.
Кыргызстанда коронавирустан дагы 37 бейтап айыкты. Алар Бишкек шаарында 21, Ош облусунда 1, Ош шаарында 6, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2 жана Нарын облусунда 6 бейтап оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды.
Өлкөдө сутка ичинде Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2 медкызматкерде коронавирус аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 207 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Учурда, коронавирус жуктурган 221 адам бейтапканаларда дарыланууда. Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 42 бейтаптын абалы орточо оор. 168 бейтаптын абалы канааттандырарлык” – деп маалымат берди.
Муну менен эле катар, 2020-жылдын 2-майында Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтаптын көз жумгандыгы айтылды.
Алардын бири – медкызматкер, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси К.Д.А. 1962-ж.т., экинчи бейтап болсо 1951-ж.т. Жалал-Абад облусунун тургуну. Учурда, бул жугуштуу дарттан кайтыш болгондордун саны Кыргызстанда 10го жетти.
последние
● Китай выступает против произвольного расследования, основанного на презумпции вины
● Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын катарына 26 адам кошулду- жалпы 795
● 3-майга карата коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 110 жаран кармалды
● Китай категорически выступает против всяких попыток осквернить свое имя
Рекомендация
- 1Что должна включать посткризисная реанимация экономики Кыргызстана?
- 2КПП «Иркештам» будет временно закрыт в связи с празднованием Дня труда в Китае
- 33-майга карата коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 110 жаран кармалды
- 41-майга карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 10 жаӊы учуру катталды - жалпы 756
- 5Польские медики высоко оценили уровень оказания помощи больным с коронавирусом