3-майга карата коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 110 жаран кармалды
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 3-майына карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 110 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 110 жаран жеткирилди.
Алардын ичинен: Бишкек шаары– 92, Ош шаары -9, Жалал-Абад шаары-3, Ат-Башы району-6.
Жалпысынан алганда, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4165 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.
Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 336 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
последние
● Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын катарына 26 адам кошулду- жалпы 795
● 3-майга карата коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 110 жаран кармалды
● Китай категорически выступает против всяких попыток осквернить свое имя
● В инфекционной больнице от коронавируса умерла еще одна пациентка
Рекомендация
- 1В Кыргызстане зарегистрировали еще 17 случаев коронавируса. Всего — 746
- 2Что должна включать посткризисная реанимация экономики Кыргызстана?
- 3Бизнес-сообщество озвучило предложения к пакету антикризисных мер правительства
- 4Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 110 жаран кармалды
- 5Фонды «Али-баба» и Джек Ма предоставили Кыргызстану вторую часть помощи