Депутат Руслан Казакбаев сырттан инвесторлорду тартуу боюнча Өкмөткө өз сунушун билдирди
Сүрөт интернеттен алынды
13-май күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны болууда. Бул жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету берилди. Муну менен эле катар, өкмөт өкүлдөрү депутаттарды кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров Өкмөттүн отчетуна жогору баа берүү менен социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр 1991-жылдан берки башка жылдарга салыштырмалуу 2019-жылы ийгиликтүү болгонун белгиледи.
Андан тышкары, депутат Ош облусунун Ноокат районундагы логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор тууралуу кеп кылып жатып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде мындай курулуштарды курууга мүмкүнчүлүк түзүү багытында Өкмөттүн тиешелүү токтомуна өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын кошумчалады.
Ал эми, депутат Руслан Казакбаев сырттан инвесторлорду тартуу боюнча долбоорлордун толук кандуу жүзөгө ашырылбай жаткандыгын сынга алып, бул жаатта Өкмөткө өз сунушун берди.
Ал: “Чындыгында, инвесторлорду тартуу боюнча аткарылып жаткан чаралар ишкерлерге ишеним берүү үчүн жетишсиз болууда. Себеби, бизде Өкмөт тез-тез алмаша берет. Пандемиядан кийин дагы абал бул жаатта дагы кыйын болот. Ошондуктан, мен Президенттин алдында мурункудай бир мамлекеттик инвестициондук комитетине окшош бир мекеме түзүүнү сунуштайм. Керек болсо, Президент өзү гарантияны алуусу керек. Инвесторлордун ишмердүүлүгүн ар тараптуу колдоого жана коргоого алуу зарыл. Ошондо гана тыштан ишкерлер келе баштайт. Ал эми, Жогорку Кеңеш дагы, Өкмөт дагы бул багытта толук кандуу иш жүргүзө албайт. Анткени, алардын иштөө мөөнөтү кыска”, - деп билдирди.
последние
Рекомендация
- 1Прием тяжелых детей с заболеваниями крови продолжится, им будет оказываться помощь
- 2 Информация о смерти одного из раненых пограничников не соответствует действительности
- 3В Кыргызстане зарегистрировано 25 новых случаев коронавируса
- 4 9-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 25 жаӊы учуру катталды – жалпы 931
- 5Ветераны ВОВ и труженики тыла награждаются юбилейными медалями Кыргызской Республики и Российской Федерации, приуроченные к 75-летию Победы