WeChat      Избранное

22-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 37 жаӊы учуру катталды – жалпы 1350

22/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

22-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 37 жаӊы учуру катталды – жалпы 1350

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 22-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 37 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 350 бейтап болду. Алардын ичинен 949 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы 37 учур Бишкек шаарында – 6+3 адам Санкт-Петербургдан келгендер, Чүй облусунда – 1 , Ош облусунда – 6, Нарын облусунда – 21 адамдан табылды. 

Кыргызстанда бир күн ичинде 20 бейтап коронавирустан айыкты. Алар Бишкек шаарынан 9, Нарын облусунан 7, облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 2, Баткен облусунан 1, Ысык-Көл 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. 

Өлкөдө коронавирус жуктурган 387 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 11 адамдын абалы оор, төрт киши реанимацияда жатат. 48 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 328 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 

Кыргызстанда сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Алар Бишкек шаарында 2, Нарын шаарында бир медкызматкер. Ал эми стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 273 учур катталды, алардын ичинен 224 медкызматкер айыгып чыккан”, -деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, министрдин орун басары жалпы кыргызстандыктарга дагы бир жолу жеке гигиенаны, аралыкты сактоо бүгүнкү күндүн башкы талабы бойдон калып жаткандыгын эскертип өттү. Эгерде, эл атайын кабыл алынган талаптарды аткарбай турган болсо, бул кырдаал дагы курчуп, кайгылуу жыйынтыктарга алып келүүсү мүмкүн экендигин баса белгиледи. 

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 600 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).  Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 150 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)