WeChat      Избранное

Элден COVID-19 вирусу менен оорубагандыгы тууралуу маалымкатты талап кылуу ашыкча – Өкмөт

05/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Элден  COVID-19 вирусу менен оорубагандыгы тууралуу маалымкатты талап кылуу ашыкча – Өкмөт

Сүрөт интернеттен алынды

“Экономикалык ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрлөрүнүн ишин жандандыруу үчүн айрым жеңилдиктер берилди, бирок бул калган категориядагы жарандар үчүн карантин токтотулду дегенди түшүндүрбөйт”, - деп КРдин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Ал тартип сакчыларына карата сын айтып, учурда айрым шаарлар менен бир райондо өзгөчө абал режими күчүндө экенин айтып, транспорттун жана элдин кыймылына чектөө киргизилгенин баса белгиледи.

“Майрам күндөрү да көчөдө адамдар көбөйдү. Укук коргоо органдары бул жаатта кайгуул иштерин, ошондой эле бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоого катуу көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш”,-деп билдирди. 

Муну менен катар, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дагы айрым соода түйүндөрүндө, азык-түлүк базарларында санитардык талаптар сакталбай жаткандыгын айтып өттү. 

Ошондой эле, анын айтымында, такси кызматынын айдоочуларынын бет кап кийбеген жана тиешелүү сунуштарды сактабаган учурлары катталууда. Буга байланыштуу санитардык эрежелерди жана башка карантиндик чараларды сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл экендигин дагы кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда айтылган маселелер боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Кубатбек Боронов ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалымкатты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керектигин белгиледи. 

Эске сала кетсек, 5-майга карата республика боюнча коронавирус менен тастыкталган учурлардын саны 830га жетти. Акыркы күндөрү бул илдет менен катталгандардын саны Бишкек шаарында көбөйүүдө. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)