WeChat      Избранное

7-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 24 жаӊы учуру катталды – жалпы 895

07/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

7-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 24 жаӊы учуру катталды – жалпы 895

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 7-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 24 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ти түзөт. Алардын ичинен 637 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Республика боюнча коронавирустун жаңы учурлары Бишкекте 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3 жана Нарын облусунда 12 адамда аныкталды. 

Бүгүнкү күнгө карата, коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 15, Ош шаарында – 8 бейтап. Ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты. 

Учурда, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 246 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 7 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 23 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 176 бейтаптын абалы канааттандырарлык.  

Сутка ичинде Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана Жалал-Абад облусунда бирден медкызматкер коронавирус илдетине кабылган. Республика боюнча жалпы COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 224 учур катталып, алардын ичинен 161 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. 

Ал эми, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндөгү абал тууралуу айта кетсем. Бул учур мурда айтылган. Ал жерде 17-24-апрель күндөрү бир эне баласы менен дарыланууда болгон. Ооруканадан чыккандан кийин алар кичине убакыт Бишкекте болуп, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна кетишкен. Ал жактан алдын алуу чарасы катары алардан анализ алынып, коронавируска текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында аларда коронавирус аныкталган. 

Андан кийин Бишкекке кабар жөнөтүлгөн. Бул жакта бөлүмдө эпидемияга каршы чаралар көрүлүп, бардык кызматкерлер, бейтаптар жана аларды карагандар текшерилген. Текшерилгендердин ичинен 7 адамда коронавирус аныкталган. Алар стационарларга которулган. Алардын экөө гематология бөлүмүнүн медицина кызматкери. Ошондой эле дарыланууда болгон балдар жана аларды караган 3 эне ооруканага которулган”, - деп маалымат берди.

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 071 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 676 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)