13-майга чейин ишмердүүлүккө уруксат берилген тармактарга тартылган жактар тийиштүү мөөрү басылган маалымдаманы алуусу тийиш
Сүрөт интернеттен алынды
Учурда, карантин жана өзгөчө кырдаал режими мезгилинде Бишкек шаарына кирүүдө жарандарга зарыл болгон уруксат кагаз жана башка документтерге тийиштүү маалыматты Республикалык штабдан билдиришти.
Бүгүнкү күнү экономикалык ишмердүүлүк түрүнө уруксат берилбеген, карантин учурунда негиздүү себеп боюнча шаарда жүрүүгө муктаждыгы бар жарандардын үйдөн чыгуу себеби жана багыты көрсөтүлгөн маршруттук баракчасы болууга тийиш.
Шаар боюнча азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканадан, медициналык мекемелерден тышкары жактарга кыймыл чектелээрин жана жарандарда өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер жана маршруттук баракча болуусу керектигин эскертебиз.
Уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүк чөйрөлөрдүн тизмесине кирген жарандарга, иштеген жеринен уюмдун катталган жери боюнча МСКнын райондук башкармалыгынын мөөрү же райондук башкармалыгынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат алуу керек (байланышты азайтуу максатында бул документтерди алуу үчүн уюмдун жетекчилерине, башкы бухгалтерлерине кайрылуу керек).
Ал эми жеке ишкерлердин жанында патенти болуусу абзел.
Үстүбүздөгү жылдын 13-майына чейин ишмердүүлүккө уруксат берилген тармактарга тартылган жактар тийиштүү мөөрү басылган маалымдама алуусу тийиш.
последние
Рекомендация
- 1Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 144 жаран кармалды
- 2На СКП кыргызско-узбекской границы круглосуточно дежурят врачи-эпидемиологи
- 3В Кыргызстане зарегистрировали еще 28 случаев коронавируса. Всего — 871
- 4АБР предоставил Кыргызстану пакет помощи в $50 миллионов
- 5Трое военнослужащих ранены в ходе конфликта на кыргызско-таджикской границе