WeChat      Избранное

Эркин Асрандиев: “Чийки заттын, материалдардын басымдуу бөлүгү Кытайдан алынып келинет”

15/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Эркин Асрандиев: “Чийки заттын, материалдардын басымдуу бөлүгү Кытайдан алынып келинет”

Сүрөт интернеттен алынды

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөшү 30 млрд сомдон ашат деп божомолдонууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди. 

Анын айтымында, жыл аягына чейин ИДПнын 5,3%га төмөндөшү болжолдонууда. Улуттук статистика комитетинин 1-майга карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 148 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга караганда 3,8%га төмөндөгөн. 

Эркин Асрандиев: “Экономикадагы терс көрүнүштөр бюджеттин киреше бөлүгүнө таасирин тийгизди. Быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Апрель айында эле бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготуулары 4,8 млрд сомду түздү. 

Мындай шарттар бизден бюджетке өзгөртүү киргизүүнү, 2020-жылдын аягына карата божомолдорду, бюджеттин чыгаша бөлүгүн кайра карап чыгууну талап кылууда. Бул иштер 2 ай мурда башталган. Биз кырдаалдын өрчүшүнө жараша бир нече сценарийди караштырганбыз. Өткөн аптада 2020-жылдын аягына карата экономикалык божомолдун көрсөткүчтөрүнө негизделген бюджеттин долбоору парламентке сунушталды. 

Кыскача айта кетсем, Экономика министрлигинин эсептөөлөрү боюнча, жыл аягына чейин өлкө ИДПсы мурдагы жылга караганда 5,3%га төмөндөй турганы болжолдонууда. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөшү -30 млрд сомдон ашат деп божомолдонууда. 

Буга соода жүгүртүүнүн төмөндөшү, Кытай менен болгон чек аранын жабылышы таасирин тийгизди. Бизде импорттун 70%ы Кытайдан келет. Ал бир гана бажы төлөмдөргө эмес, биздин ички өндүрүшкө да таасир этүүдө. Себеби, чийки заттын, материалдардын басымдуу бөлүгү Кытайдан алынып келе”,- деп маалымат берди.

Муну менен катар эле, жалпысынан мамлекеттик бюджеттин чыгашалары дээрлик 10 млрд сомго кыскаргандыгы белгилүү болду. Кыскартуулар, биринчи кезекте, ар түрдүү сатып алууларга, унаалык чыгашаларга, иш сапарларга тийиштүү болгон. Ошондой эле капиталдык салымдар боюнча дагы кыскартуулар бар. Бирок бюджеттин корголгон беренелери – айлык акылар, пенсиялар жана жөлөк пулдар баштапкы толук көлөмдө сакталган. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)