WeChat      Избранное

19-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 27 жаӊы учуру катталды – жалпы 1243

19/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

19-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 27 жаӊы учуру катталды – жалпы 1243

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 19-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 27 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 243 бейтап болду. Анын ичинен жалпы 898 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы 27 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 6 + 1 учур Санк-Петербург шаарынан келгендердин арасынан табылды. Чүй облусунда - 3 учур, Соль-Илецк шаарынан келгендер арасынан аныкталды. Нарын облусунда - 11 учур катталса, Ош облусунда 6 адамда коронавирус табылды. 

Кыргызстанда дагы 71 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Сутка ичинде Бишкек шаарынан - 55, Жалал-Абад облусунан - 11, Нарын облусунан - 2, Баткен облусунан - 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. 

Бүгүнкү күнү өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 учур болду. Ал эми стационарлардан 7 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 257 учур катталды, алардын ичинен 219 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - деп маалымат берди.

Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6164 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2153 адам жатат.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)