WeChat      Избранное

17-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 21 жаӊы учуру катталды – жалпы 1138

17/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

17-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 21 жаӊы учуру катталды – жалпы 1138

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 17-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 21 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 138 бейтап бар. Анын ичинен  804 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. 

Нурболот Үсөнбаев: “Азыркы тапта чет жактан кыргызстандыктар көп келип жаткандыгын билесиздер. Санк-Петербургдан келген 10 жарандан дагы коронавирус табылды. Учурда алар дарыланууда.

Ошондо, жаңы катталган учурлардын ичинен  Бишкек шаарында – 2 + 10 Санкт-Петербург шаарынан келгендерден, Чуй облусунда - 3, Нарын облусунда - 6 учур бар. 

Кыргызстанда сутка ичинде 21 жаран коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бишкек шаарында 11, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 3 жана Нарын облусунда 3 жаран бул оорудан сакайды.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 320 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор, алты киши реанимацияда жатат. 60 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 248 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 

Сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бир күн ичинде бейтапканалардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 251 учур катталды, алардын ичинен 204 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - деп маалымат берди. 

Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 5 307 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 184 адам жатат.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)