WeChat      Избранное

Нүргүл Акимова: “Тышкы соода жагдайынын кескин начарлоосу ушул жылы экспорттун 1,5 эсеге төмөндөшүнө алып келээри божомолдонууда”

07/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Нүргүл Акимова: “Тышкы соода жагдайынын кескин начарлоосу ушул жылы экспорттун 1,5 эсеге төмөндөшүнө алып келээри божомолдонууда”

Сүрөт маек ээсине таандык 

Коронавирустун жайылышы менен дүйнөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикалык таасирине дагы талдоо активдүү жүргүзүлүп жаткан учур. Муну менен катар эле, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан антикризисттик пландар дагы иштелип чыгууда. Биз дагы ушул багытта серепчи Нүргүл Акимова менен баарлашып, өлкөнүн экономикасына COVID-19 вирусунун тийгизип жаткан залакасы тууралуу сөз кылдык. 

-Учурда, Кыргызстандын экономикасына COVID-19 вирусунун тийгизе турган таасири абдан көп талкуу болууда. Сиз ушул багытта өз оюңузду билдирип кетсеңиз? 

-Туура. Кыргызстан ачык жана импортко көз каранды өлкө катары бул кризистин таасирин өз башынан сыноо ирээтинде өткөрүп жатат. Негизинен пандемия күнүмдүк тартипти өзгөрттү. Азыркы дүйнөлүк кризис Улуу Депрессиядан кийинки эң терең деп аныкталууда. Бул технологиялык жана дүйнөлүк экономикалык түзүлүштөрдүн өзгөрүшүнө байланыштуу дүйнөлүк экономикада болуп өткөн терең структуралык өзгөрүүлөрдүн натыйжасы. Революциялык технологиялык жана институционалдык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде, ар дайым финансы жана товардык рыноктордун кыйрашы күчөйт экени белгилүү. 

Дүйнөлүк экономиканын өнүгүү борбору Түштүк-Чыгыш Азияга жана бүтүндөй Евразияга өтөт деп күтүлүүдө. Бул чөлкөмдө пайда болгон жаңы дүйнөлүк экономика мамлекеттик пландаштыруунун жана рыноктук атаандаштыктын, мамлекеттик жыргалчылыкты жогорулатуу үчүн мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн айкалышы жана акча-кредит саясатынын экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө инвестициялардын өсүшүнө багытталышы зарыл. 

Кризистин кесепетинен тышкы соода жагдайынын кескин начарлоосу ушул жылы экспорттун 1,5 эсеге төмөндөшүнө алып келет деп божомолдолууда. Улуттук валютанын алсызданышы, финансылык туруктуулук көрсөткүчтөрүнүн чегинен чыгып, төлөм теңдеминин олуттуу начарлоосуна алып келет. Ушул терс тенденциялар макроэкономикалык абалды турукташтыруу жана экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүү боюнча программалык чаралар көрүлсө, эл аралык сооданын кеңейиши менен экономикалык кызматташуунун өсүшү жалпы элдин жакырчылыгынын өсүшүн сактайт.

Мисалы, улуттук валюта алмашуу курсуна, көзөмөлсүз девальвация өз ара сооданы начарлатат жана биргелешкен инвестицияларга таасирин тийгизет. 

Абалдан чыгуу үчүн Улуттук (борбордук) банктардын өз ара сооданы жана биргелешкен инвестицияларды каржылоонун атайын механизмдерин жайылтуу зарыл.

Өнүгүү институттарынын потенциалын активдештирүүсү дагы бир жаман жагдайдан чыгуунун айласы. Достук мамиледеги өлкөлөр менен өнөр жай кызматташтыгын стимулдаштыруу максатында, биргелешкен программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашырса болот.

-Республиканын айрым аймактарына, Бишкек шаарына киргизилген Өзгөчө абал режими бизнести жана экономиканы абдан оор кырдаалга алып келди. Бул абалдан чыгуу үчүн кандай сунуш айтаар элеңиз?

-Бишкек шаарында өндүрүш тармагында 75 миң адам, куруш тармагында 34 миң адам, соода сатык тармагында 97 миң адам, транспорт тармагында 42 миң адам, ал эми мейманкана жана коомдук тамактануу тармагында 25 миң адам иштейт. Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук сатистика комиетинин 2019-жылдын аягына эсептеген маалыматы. 

Сөзсүз, карантин режими аталган секторлордо иштеген адамдардын айласыз иштебей калгандыгына байланыштуу алардын үй-бүлө бюджетине терс таасирин тийгизди. 

Ооруну токтото турган дары табыла электигина байланыштуу, сөзсүз бул коомго көптөгөн тобокелчиликтерди жаратат. Бирок жакырчылыктын өсүшүнүн дагы тобокелчиликтери бар эмеспи. Ошого байланыштуу, мен Кыргыз Өкмөтүнө элге жардам катары насыясы бар ишкерлерге жардам берсин деп сунуш айтаар элем. Анткени, алар шаардык жарандарды иш менен камсыздоодо. 

-Кытай көп жылдан бери, Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болуп келүүдө. Бул багытта ишмердүүлүктү жолго салуу үчүн биринчи кезекте кандай кадамдар аткарылуусу зарыл деп эсептейсиз? 

-Негизинен эл аралык банктар жана өнүктүрүү институттарынын таасири чоң. Эгерде, жеке эле насыя тармагында эмес, социалдык тармакты камтыган программалар болсо инклюзивдүү өнүгүүгө чыгаар элек, коомдук пикир жана кызматташтык жакшы күч алат эле.  

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)