10-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 71 жаӊы учуру катталды – жалпы 1002
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 10-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 71 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымында, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1002 адамга жетти.
Нурболот Үсөнбаев: “Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 541 адамдын ичинен 55 жаранда коронавирус табылды. Ошентип, 2020-жылдын 10-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 71 учуру катталды. Жаңы катталган 71 учурдун ичинен: Бишкек шаарында – 2, Чуй облусунда - 56, алардын ичинен 55 Соль-Илецк шаарынан келгендер; Жалал-Абад облусунда - 5; Ош облусунда - 3; Баткен облусунда - 4; Нарын облусунда - 1.
Кыргызстанда дагы Бишкек шаарынан 7, Ош шаарынан 5, Нарын облусунан 4, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 675 бейтап айыккан.
Өлкө ичинде коронавирустан айыккан медкызматкерлердин саны 176га жетти. Бир сутка ичинде бул илдетке Бишкек шаарында бир медкызматкер кабылган. Республика боюнча коронавируска кабылган медкызматкерлердин жалпы саны 232ге жетти. Коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 77 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 174 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деп маалымат берди.
Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 313 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1205 адам жатат.
последние
● Кыргызстанцы, прибывшие из Соль-Елецка, пополнили счет заболевших. Сегодня их больше тысячи
● 10-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 71 жаӊы учуру катталды – жалпы 1002
● Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 109 жаран кармалды
● Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди
Рекомендация
- 14-майга карата коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 115 жаран кармалды
- 2Спортивное сообщество страны поддержало медиков инфекционной больницы
- 3В Кыргызстане зарегистрировали еще 28 случаев коронавируса. Всего — 871
- 4Встреча сторон по конфликту на кыргызско-таджикской границе состоится 10 мая
- 5Айболот Айдосов: В сложившейся ситуации Китай проявляет себя как мировой лидер