WeChat      Избранное

Тоолуу аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкектен дарыгерлер тобу Нарынга жиберилди

14/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Тоолуу аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкектен дарыгерлер тобу Нарынга жиберилди

Сүрөт интернеттен алынды

Нарын облусунда түзүлгөн коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, борбор калаадан 14-майда медициналык адистердин тобу аталган аймакка жөнөп кетти. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Берилген маалыматка ылайык, эсеп боюнча бул тоолуу аймакка жиберилген тогузунчу топ болуп саналат.  Бүгүн жолго чыккан ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматолог кирди. Алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтүшмөкчү. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен операция жасоочу дарыгер, акушер-гинеколог Нарын облусундагы Ат-Башы районуна жөнөтүлдү. 

Ар бир медкызматкер керектүү өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздалды. Иш сапарга байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле негизги иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо менен кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле эпидемиологиялык фонддон каржыланмакчы.

Эске сала кетсек, бүгүн 14-май күнүнө карата Кыргызстанда бир сутка ичинде 38 жаңы учур катталган. Алардын ичинен Бишкек шаарында - 14, Чүй облусунда - 4, алардын ичинен 2 учур Соль-Илецктен келгендерден чыккан, Ош шаарында - 1, Жалал-Абад облусунда - 4 жана Нарын облусунда - 15 учур бар. 

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)