WeChat      Избранное

​ Быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрү арасынан 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер

14/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

​  Быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрү арасынан 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда быйыл 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады. 

Берилген маалыматка ылайык, 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт.

Коронавируска байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.

Белгилей кетсек, жалпы билим берүү уюмдары март айында каникулга эрте чыккандыгына, май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.

Эске салсак, төртүнчү чейрек мектептерде аралыктан окутулду. 5-6-7-8- жана 10-класстар үчүн быйыл көчүрүү сынактары болбойт. 

Учурда, Кыргызстанда жалпы 2283 мектеп бар, анда 1 млн 311 миңден ашуун бала билим алат.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)