WeChat      Избранное

31-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды – жалпы 1748

31/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

31-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды – жалпы 1748

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 31-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 748 бейтап болду. Алардын ичинен 1 миң 190 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган учурлар Бишкек шаарында - 7, Чүй облусунда - 3, Нарын облусунда - 12, Ош шаарында - 3 жана Ош облусунда – 1 адам. Алардын ичинен экөөсү сырттан келгендер. Бирөө оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болсо, экинчиси Россиядан энеси менен келген өспүрүм. Калган 23 учур тыгыз байланышта болуп, медициналык көзөмөлдө турган адамдардын арасынан табылды. Бир учурдун кандай жагдайда жуккандыгы аныктала элек. 

Кыргызстанда бир сутка ичинде 57 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Сутка ичинде Бишкек шаарынан 40, Нарын облусунан 10, Ош облусунан 7 бейтап үйлөрүнө чыгарылды. 

Республика боюнча бул илдетти жуктурган 562 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор, беш киши реанимацияда жатат. 80 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 470 бейтап канааттандырарлык абалда. 

Кыргызстанда бир күн ичинде 6 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алар Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1 жана Нарын облусунда 2 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Учурда Кыргызстанда жалпы 350 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Анын ичинен 249у коронавирустан айыккан”, - деп маалымат берди. 

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 426 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 241 адам жатат.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)