WeChat      Избранное

Учурда, Кыргызстанда жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү

19/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Учурда, Кыргызстанда жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү

Сүрөт интернеттен алынды

Акыркы 1 айда келгендердин арасынан 124 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык-штабдын пресс-борборунда билдирди. 

Анын айтымында, 17-апрелден 18-майга чейин, башкача айтканда акыркы 1 айдын ичинде 17 аба каттам жана 6 автобус менен 3 миң 531 жаран Кыргызстанга алынып келинди. 

Кубатбек Айылчиевич: “Сырттан келип жаткан жарандарга кайрылып кетким келет, сиздерди өлкөгө алып келүү иштери тынымсыз улантылып жатат. Бул маселе эки же бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечилерин билесиздер. Ошондуктан буга түшүнүү, сабырдуулук менен мамиле кылыңыздар. 

Бирок өлкөгө келгенден кийин медицина кызматкерлеринин сунуштары менен түзүлгөн алгоритмге ылайык обсервациядан өтүү зарыл. Обсервациянын канча күнгө созулары же анын мөөнөтү канча боло тургандыгы сырттан келе турган жарандарыбыздын жалпы акыбалына жараша болуп жатат. Акыркы түзүлгөн алгоритмдин негизинде ушундай чечим кабыл алынган. Ошондуктан шектүү деп саналган же коронавирус көп катталган мамлекеттерден келген жарандарга өлкөгө келгенден кийин обсервациянын, биздин медицина кызматкерлер койгон талапты так аткарып, ага чыдамдуулук менен мамиле кылууну суранабыз.

Учурда, Кыргызстан боюнча 214 мобилдик топ иштеп жатат. Бүгүнкү күндө 130 миң 96 үйдүн жашоочуларын медициналык текшерүүдөн өткөрүү пландалууда. Бул сан эпидемиологиялык кырдаалга жараша өзгөрүп турат. Мобилдик топтор жарандар менен маектешип, эгер шектенүү пайда болсо анализдер алынат. 17-майга карата 118 миң 82 үйдүн 603 миң 379 жашоочусу текшерилди. Алардын ичинен 6 жаранда коронавирус табылды”, - дейт ал.

Боронов кошумчалагандай, өлкө боюнча үй карантининде болгондордун жалпы саны 123 миң 638 адам, анын 95 миңи чыгарылып, 28 миң 592 жаран калды.

“Башында жер-жерлерде жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү болбой жаткандыгы боюнча бир топ маселелер чыккан. Учурда бул маселе толук кандуу чечилип, коронавируска каршы күрөшүп жаткан бардык кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгон. Аталган маселе Республикалык ыкчам штабдын күн тартибинде күн сайын каралып, мониторинг жүргүзүлүп турат. Эгерде кайсы бир региондо кандайдыр бир каражаттын запасы азайып жаткандыгы байкалса, анда тез аранын ичинде жеткирүү боюнча атайын иштер жүргүзүлүүдө”, - деп билдирди биринчи вице-премьер-министр. 

Боронов маалымдагандай, башка мамлекеттерден, ишкерлерден медициналык жеке коргонуучу каражаттарды алып берүү бюнча иштер жүрүп жатат.

“Жакында эле Кытай гуманитардык жардам катары Кыргызстанга медициналык каражаттарды берди. Андан тышкары, күн мурун Ирандан да гумжардам келди”, - дейт ал.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)