WeChat      Избранное

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын катарына дагы 35 адам кошулду- жалпы 830

04/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын катарына дагы 35 адам кошулду- жалпы 830

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 4-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 35 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымына караганда, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 830 адамга жетти.

Айнура Акматова: “Жаңы учурлар Бишкек шаарында – 26, Чуй облусу – 2, Нарын облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 5, Баткен облусу – 1. 

Сутка ичинде коронавирустан 11 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 4 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 575 жетти.

 Ал эми, учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган 245 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 13 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда жатат. 47 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 185 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 

Өлкөдө сутка ичинде 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды.  Жалал-Абад облусунда – 2, Бишкек шаарында – 6 жана Нарын облусунда бир медкызматкер бул илдетке кабылды. Бүгүнкү күнү республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпы 216 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. 

5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 57 миң 109ду түздү. Алардын ичинен 56 миң 488ине изилдөө жүргүзүлдү”, - деп маалымат берди.

Азыркы тапта, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 3 545 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 908 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)