15-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 29 жаӊы учуру катталды – жалпы 1111
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 15-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 29 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 111 бейтап. Анын ичинен 745 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган учурлардын ичинен Бишкек шаарында – 6, Чуй облусунда - 4, Ош шаарында - 4, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 2, Нарын облусунда - 11 жана Ысык-Көл облусунда - 1 учур бар.
Кыргызстанда дагы 10 бейтап коронавирустан айыкты. Сутка ичинде Бишкек шаарынан - 6, Ош облусунан - 4 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Учурда, өлкө боюнча обсервацияда 1 миң 532 адам жатат. Акыркы убакта чет жактагы кыргыз жарандарын мекенге кайтарып келүү боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө. Ошондуктан обсервацияда жаткан адамдардын саны көбөйүп жатат. Анткени Дубай, Стамбул жана Россиядан келгендерди дароо обсервацияга жаткыруудабыз. Ал эми коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 15-майга карата 5 миң 180 адамга жетти. ”, - деп маалымат берди.
Тилекке каршы, өткөн суткада эки адам COVID-19 оорусунан каза тапкандыгы белгилүү болду. Алардын бири, 55 жаштагы эркек киши Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан көз жумса, экинчиси 84 жаштагы аял киши Нарын облусунан кайтыш болду. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда жалпысынан 14 адам бул оорудан каза тапты.
последние
● Министерство юстиции КР вынесло на общественное обсуждение проект по гражданству
● 15-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 29 жаӊы учуру катталды – жалпы 1111
● Явилась истина, и сгинула ложь. Десять фейков про COVID—19 #2
● В Кыргызстане за сутки зарегистрировали 29 новых случаев заражения коронавирусом
Рекомендация
- 1 Страшная статистика: Число умерших от коронавируса превысило четверть миллиона человек
- 2Сгоревший во время конфликта на кыргызско-таджикской границе дом восстановят
- 3Кыргызстанцы, прибывшие из Соль-Елецка, пополнили счет заболевших. Сегодня их больше тысячи
- 4В отделении гематологии Национального центра охраны материнства и детства произошла массовая вспышка COVID-19
- 5Күч бирдикте - Кытай Кыргызстанга жардам берүүсүн улантууда