WeChat      Избранное

21-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 43 жаӊы учуру катталды – жалпы 1313

21/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

21-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 43 жаӊы учуру катталды – жалпы 1313

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 21-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 43 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 313 бейтап болду. Анын ичинен 929 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Нурболот Үсөнбаев: “Бишкек шаарында 22 адамдан илдет табылды, дагы 1 жаңы учур Санкт-Петербургдан келгендерден арасынан аныкталды. Ош шаарында - 5, Чуй облусунда - 1, Ош облусунда - 4, Нарын облусунда - 8 жана Баткен облусунда - 2 жаңы учур катталды. 

Сутка ичинде Бишкек шаарынан 8, Ош облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 4, Баткен облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. 

Бишкекте бир суткада 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды, стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 270 учур катталды, алардын ичинен 223 медкызматкер айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 370 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын арасынан 12 адамдын абалы оор, беш киши реанимацияда жатат. 51 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 301 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө 14 киши коронавирус жуктуруп алгандыгы белгилүү болду. Илдетти жуктуруп алгандардын ичинде 1 дарыгер, эки медайым, 8 бала жана 3 эне бар экендиги айтылды. 

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 435 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).  Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 902 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)