WeChat      Избранное

Кыргызстан боюнча жалпысынан коронавирус менен 111 бейтап катталды-Саламаттыкты сактоо министри кызматынан кетти

01/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстан боюнча жалпысынан коронавирус менен 111 бейтап катталды-Саламаттыкты сактоо министри кызматынан кетти

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстан боюнча 1-апрелге карата коронавирус боюнча 4 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Мамбетов Касымбек Бейшенбекович билдирди.

Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 1 сырттан келген (Россиядан кайткан), 3 – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкандыгы белгилүү болду. Ошондо, жалпы эсеп менен республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек. 

Эске сала кетсек, өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалган. Алардын 17си аял, 102си эркек киши, 3 чет өлкөлүк жаран. Бишкек шаарына Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)