WeChat      Избранное

22-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 22 жаӊы учуру катталды - жалпы 612

22/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

22-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 22 жаӊы учуру катталды - жалпы 612

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 22-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 22 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 22 бейтаптын ичинен Бишкек ш. – 10, Чүй облусу – 2, Ош ш. – 4, Ош облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 4, Нарын облусу – 1. Ошондо, өлкө ичинде коронавирус илдети менен ооругандардын жалпы саны 612ни түздү.

Өткөн суткада 38 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Алар Бишкек ш. – 7, Нарын облусу – 2, Ош облусу – 25, Ош ш. – 1, Баткен облусу – 3. Азыркы тапта, республика боюнча жалпысынан 254 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 

Бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алар Жалал-Абад облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Ош шаарында – 3, Нарын шаарында – 1, Бишкек шаарында – 3. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 157 учур катталды. Кыргызстанда укук коргоо кызматкерлеринин арасынан коронавирус жуктуруп алгандардын саны 12. Стационарда 351 адам, алардын ичинен реанимацияда 5 бейтап болууда” – деп маалымат берди.

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 538 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Жакын байланыштар (I категория) – 2 037, башка байланыштар (II категория) – 6 501. Кыргызстан боюнча обсервацияда 682 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)