15-апрелден тарта коменданттык саат 21:00дөн 6:00гө чейин созулат
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 15-апрелине карата республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 58 жаран жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 58 жаран жеткирилип, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 43, Жалал-Абад шаары боюнча – 7, Ош шаары боюнча-1, Сузак району боюнча-4, Кара-суу району боюнча-3. Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2576 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Эске сала кетсек, бүгүнтөн баштап, 15-апрелден тарта коменданттык саат 2 саатка кыскартылды, эми ал 21:00дөн 6:00гө чейин созулат.
последние
Рекомендация
- 1Неутешительные данные поступили сейчас от министра здравоохранения
- 2Эркин Асрандиев:“Биздин негизги максат – илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө, андан кийин бара-бара бизнести, жашоо-турмушту калыбына келтирүү”
- 3Семь человек с коронавирусом в Кыргызстане находятся в реанимации в тяжелом состоянии
- 4Республика боюнча жазгы айдоо 291,1 миӊ га аянтта жүргүзүлүп, өткөн жылдан 37,3 миӊ га көп
- 5Секретариат Совета безопасности считает, что продление ЧП защитит жизни и здоровье кыргызстанцев