WeChat      Избранное

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышы жогорку чекке жетип-жетпегени белгисиз

29/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышы жогорку чекке жетип-жетпегени белгисиз

Сүрөт интернеттен алынды

“Бизде коронавирустун жайылышы жогорку чегине жетти деп айтуу азырынча кыйын. Учурдагы кырдаалды көзөмөлдөп, кармоого милдеттүүбүз”, - деп билдирди республикалык штабдын пресс-борборунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. 

Анын айтымында, өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылды. Аталган аймактарда уруксат кагаздары жок сыртта жеке унаа менен жүрүүгө болбойт.

Кубатбек Боронов: “Өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абалды алып салуу сунушталды, бирок өлкө аймагында өзгөчө кырдаал сактала берет. Ал алынган жок. Айрым жерлерде өзгөчө абалдын алынганы тууралуу айтсак, биринчи өлкө экономикасы токтоп калды. Экинчиден ал жердеги эпидемиологиялык кырдаал мурункудан жакшырды. Ошондуктан, кээ бир аймактардан өзгөчө абал тартибин алып салуу сунушун бердик. 

Ал эми, өзгөчө абал тартиби киргизилген жерлерде чач тарач, дарыкана, дүкөндөргө маршруттук кагаз менен баруу керек. 10-майдан кийин эпидемиологиялык абалдын жакшырышы же начарлашы мамлекеттик орган, республикалык штабдан гана эмес, жарандардан дагы көз каранды.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, үй карантининде болгон жарандарга алардын жүргөн жерин көзөмөлдөө үчүн атайын мобилдик колдономолор орнотулган. Бул алардын макулдугу менен жасалган. Ал программалар кыймыл-аракеттин жана үй карантининин сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. 

Учурда, үй карантининин эрежелерин бузгандыгы боюнча 6 жаранга карата материалдар сотко өткөрүп берилди. Аларга 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып салынат. Дагы 9 адамга 3 миң сомдон айып салынды”, - деп маалымат берди. 

Муну менен катар эле, эл аралык каттамдардын ачылуусу тууралуу берилген суроого, ал: “Бул маселе жакында чечилет деп үмүттөнүүдөбүз. Өзүӊүздөр билгендей, эл аралык каттамдардын ачылышы бизден гана эмес, ошондой эле каттам калыбына келе турчу өлкөлөрдөн дагы көз каранды. Биздин коӊшу мамлекеттерибизде дагы абал ушундай, айрым өлкөлөрдө мындан да начар. Ал эми ички каттамдарды жакынкы күндөрү ачуу пландалган эмес. Бул тууралуу айтуу азырынча эрте”, - деп жооп берди. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)