WeChat      Избранное

Республика боюнча жазгы айдоо 291,1 миӊ га аянтта жүргүзүлүп, өткөн жылдан 37,3 миӊ га көп

06/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Республика боюнча жазгы айдоо 291,1 миӊ га аянтта жүргүзүлүп, өткөн жылдан 37,3 миӊ га көп

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 3-апрелине карата күздүк кылкандуу дан эгинди азыктандыруу жер-жерлерде жүргүзүлүп, тапшырма 89,2 миӊ га аянтта же 74,7% аткарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдын пресс-борборунда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Керималиев Жаныбек билдирди.

Бул 2019-жылга салыштырмалуу 11,1 миӊ га көп экендиги белгилүү болду.

Жаныбек Калканович: “Республика боюнча жазгы айдоо 291,1 миӊ га аянтта жүргүзүлүп, тапшырма 47,4%га аткарылып, өткөн жылдан 37,3 миӊ га көп болууда. Азыркы учурда, бардык буудай, арпа, жүгөрү, картошка, пахтанын үрөндөрү жетиштүү. Эгерде Кыргызстанга 64.5 миң тонна үрөн керек болсо, ошонун 54-55 миң тоннасы даярдалган. Азыркы учурда, биздин дыйкандарыбыз үрөн менен кыйынчылыкка дуушар болушкан жок. Буудай жана арпа себүү иштери да жогорку ылдамдыкта ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрү 173,4 миӊ га аянтка себилип, тапшырма 56,4% аткарылды, бул 2019-жылдын ушул мөөнөтүнө караганда 24,8 миӊ гектарга көп. Эң негизгиси, жазгы талаачылык иштерди жүргүзүп жатканда жер семирткич маселеси, аны алып келүү көйгөйү боюнча дагы көп иштер жүргүзүлдү. Бардык жерде күйүүчү майлар жетиштүү”,-деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, министрлик бардык дан жана чанактуу өсүмдүктөрдүн эгин аянтын көбөйтүүнү пландагандыгы белгилүү болду. Учурда көп рентабелдүү болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен бирге заман талабына ылайык азык-түлүк коопсуздугун кароонун алкагында кылкандуу эгиндердин аянтын көбөйтүүнү министрлик максат кылгандыгы дагы айтылды. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)