WeChat      Избранное

Марат Мураталиев, Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү: “Коопсуздук чараларын мурдагыдан эки эсе күчөттүк”

06/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Марат Мураталиев, Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү: “Коопсуздук чараларын мурдагыдан эки эсе күчөттүк”

Сүрөт интернеттен алынды

Учурдагы мезгилдин башкы күн тартиби – COVID-19 аталышындагы коронавирустун пандемияга айланып, бүтүндөй адамзаттын жашоо тартибин түп тамыры менен өзгөртүп салышы болуп отурат. Кыргыз өкмөтү да колдон келишинче бул илдет менен күрөшүүдө. Тилеке каршы, вирус түштүк аймагыбызды катуу каптап, башка аймактарга да тарап отурат. Бүгүнкү күндө, жалгыз Талас облусу вирусту киргизбей, өзүнчө “таза аймак” болуп турат. “Жибек жолундагы маданий өнүгүү” гезити, облустагы абал, вирусту киргизбөө үчүн кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы, жазгы-талаа иштери жана башка маанилүү маселелер боюнча аймактагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев менен маек курдук.  

- Марат Молдонович, Сиз жетектеген облустук администрация тарабынан коронавирусту аймака киргизбөө үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?

-Жалпыбызга белгилүү  болгондой  азыр Талас  облусу  коронавирус катталбаган   жалгыз аймак.  Андыктан, биз  коопсуздук чараларын мурдагыдан да эки эсеге көбөйтүп жатабыз.  Үстүбүздөгү жылдын 29-январында менин №18б буйругум менен облустук  коронавирус менен  күрөшүү боюнча штаб түзүлгөн. Штабдын чечиминин негизинде 27-январдан баштап “Чон-Капка Автожол” карантиндик көзөмөлдөө пунктунда Манас райондук администрация жана  Манас райондук саламаттык сактоо мекемелер тарабынан санитардык карантиндик пункт түзүлүп, жарандарды тепловизор менен дене табын текшерип өткөрүү  иштерин уюштурганбыз.

Ал эми, 21-марттан баштап Талды-Булак айылында санитардык карантиндик пункт ачылды. Бул карантиндик пунктта Талас облусуна келүүчүлөрдүн тизмеси такталып, техникалары дезинфекцияланып, келген жарандардын дене табын текшерүүчү градусник (бесконтактный) менен камсыздалып, текшерилип жатат. Дарыгерлерден 1 кызматкер, ички иштер башкармалыгынан 1 кызматкер жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусундагы башкармалыгынан 1 кызматкер   күн сайын күзөттө турушат.  

-Облуска чет элден же Кыргызстандын башка аймактарынан келгендер кандай текшерүүдөн өтүүдө?

-Талас облусуна чет өлкөдөн жана Кыргызстандын башка аймагынан келген жарандар  сөзсүз түрдө каттоого алынып, обсервацияга жаткырылып, анан анализдери алынат.  Анализдердин  жыйынтыгына жараша 14 күндүк же  30 күндүк үй карантинине  көзөмөлгө алынышат. Сырттан келген жарандарды тактоо  иштерине  ички иштер башкармалыгы менен  мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. 

-Облустагы ооруканалардын коронавируска даярдыгы кандай?

- “Жаман айтпай жакшы жок” – демекчи,  биз баарына даяр болушубуз керек.  Андыктан  облустагы ооруканалардын инфекциялык бөлүмдөрү, кошумча соматикалык бөлүмдөрү кокус   коронавирус   тастыкталган учурда оорууларды  кабыл алууга  алдынала  даярдалды. Бүгүнкү күндө облуста ооруканалардын жугуштуу бөлүмдөрүндө 4 изолятор (61 керебет)  жана  2 обсерватор (21 керебет) дайын.  Эгерде облустун аймагында абал курчуп кете турган болсо, анда  саламаттык сактоо мекемелеринде кошумча резервдик 607 керебет даяр.  Мындан тышкары райондордун аймагындагы 6 билим берүү мекемесинде 279 керебет обсерватория үчүн  даярдалды. . Тилекке каршы, Азыркы учурда ИВЛ (өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппарат), респираторлор жетишсиз болууда. Медицина кызматкерлерине  онлайн менен окутуулар жүргүзүлүп, Талас райондор аралык ооруларды алдын-алуу жана санитардык эпидемиологиялык башкармалыгынын кызматкерлери  менен практикалык окутуулар жүргүзүлүүдө.

-Аймактагы ооруканаларда өпкөнү жасалма түрдө дем алдыруучу аппараттар (ИВЛ) барбы?

-    Бүгүнкү күнү аймактагы ооруканаларда өпкөнү жасалма түрдө дем алдыруучу аппараттардын (ИВЛ) саны 16 жана андан башка дагы  кошумча  ИВЛ  аппараттарын алдыруу боюнча  тийиштүү буйрутмалар берилген. Мындан тышкары демөөрчүлөр менен дары-дармектер жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 

-        Дарыгер, милиция, ӨКМ кызматкерлери үчүн беткаптар жана атайын коргоочу костюмдар жетиштүүбү?

- Өкмөт, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан беткап, бир жолку колдонулуучу комбинезон, кол каптар берилип жатат. Бирок  толук кандуу жетиштүү эмес. Андыктан  бул  жетишпегендикти  демөөрчүлөрдүн жардамы менен  толуктап жатабыз. 

- Аймактагы ири ишканалар, тоо-кен ишканалары жардам көрсөтүүдөбү? Калктын аярлуу катмары үчүн кандай колдоо көрсөтүлүүдө?

-  Талас облусунда жайгашкан “Жерүй” кенин  иштетүүүгө укук алган  “Альянс-Алтын” ишканасы  илдет  Кыргызстанда чыккандан бери эле   колдон келген жардамын  аябай берип келет. Мисалы,  25-мартта  “Альянс-Алтын” тарабынан демөөрчүлүк иретинде 11 миң даана беткап, 200 даана бир жолку колдонулуучу комбинезон, 80 жуп кол каптар, 50 литр антисептик жана 100 жуп резина өтүктөрү берилди. Бул каражаттар ички иштер органдарынын, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын элге кызмат көрсөткөн адистерине таратылды.  

Ошондой эле компаниянын алдында түзүлгөн “Бакубат Талас” фонду аркылуу 6 миллион сомго 6000 даана  коронавирусту аныктоочу атайын тестерге Канадага заказ кылынды. 

Андан сыркары “Альянс-Алтын” тарабынан дагы облусубуздун аз камсыз, улгайган 227 жарандарына 1 кап ундан жана 25 кг күрүч  таркатылды.  2 миллион 172 миң сомго медициналык жабдуулар, дары-дармектер, атайын коргоочу формалар, кол каптар, кагаз сүлгүлөр, антисептиктер менен камсыз кылышты.

Илдет менен күрөшүүдө колунда бар адамдарыбыз да четте карап турган жок. Белгилүү ишкер  Өмүрбек Бабанов тарабынан  демөөрчүлүк иретинде 36 миң 200 даана беткап, 800 литр антисептик, 200 пар кол кап, 297 бир жолку колдонулуучу комбинезон жана  40 көп жолку колдонулуучу комбинезондор,  40 даана дозаторлор таркатылып берилди.

Бишкек шаарынын жаш ишкерлери тарабынан 150  кап  ун, 150  коробка макарон жана 150   даана беш литрлик  суюк май  аз камсыз болгон  үй бүлөлөргө таркатылып берилди. 

 “Аю” соода маркасынан 800 литр антисептик, 800литр суусундук демөөрчүлүк иретинде келип түштү.

Ошондой эле, жакында эле “Альянс-Алтын” тарабынан дагы бир ирет демөөрчүлүккө жалпы суммасы 1, 5 миллион сомго 16 пачка бактерияга каршы порошок, 119 даана таштандыларды чыгаруучу пакеттер, 150 даана (противочумные) комбинезондор,1100 метр марли,  500 даана пластик халаттары, 400 даана бир жолку кийилүүчү костюмдар жана 868 936 сомдук медикаменттер жардам катары берилди.  

Андан сырткары, Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабековдун демөөрчүлүгү астында облустун райондорунун жана Талас шаарынын  аз камсыз, жардамга муктаж болгон үй бүлөлөрүнө 1000 кап (50 кг) ун таркатылып берилди.

-Азыр облустун калкы көбүнчө кандай суроо-талаптар менен кайрылып жатышат?

-Көбүнчө, дарыканалардагы беткаптардын жетишсиздиги, ун жана башка азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашы жана бериле турган гуманитардык жардамдар боюнча. Биз, колдон келишинче элдин муктаждыктарын канааттандырганга   болгон күчүбүздү  жана ресурстарыбызды жумшап жатабыз. 

-Өзгөчө кырдаал  киргизилип, элдер көчөгө аз чыгып калдыбы?

- Өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин, көчөдө жүргөндөрдүн агымы кадимкидей  азайганы байкалды. Бирок,  дагы да болсо кенебестик кылып  беткап тагынбай көчөдө  ээн эркин жүргөндөр да бар. Биз элге  массалык маалымат каражаттары тарабынан чектөөлөр тууралуу, тейлөөчү мекеме-ишканалардын иштөө тартиби тууралуу, насыяларды кайтаруу маселелери  жана өздүк гигиенаны сактоо маселелерине  тиешеси бар адистердин катышуусунда түшүндүрүү иштери  байма-бай жүргүздүк. 

Ошондой эле, облус аймагындагы бардык айылдардын көчөлөрүндө үн күчөткүч менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда Талас облусунун баардык айылдарынын кире бериштерине атайын текшерип  өткөрүүчү пункттар ачылып иштеп жатат.  

-Дарыгер, милиция менен кошо облустук, райондук, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери да күн-түн дебей иш алып барууда, аларга да кандайдыр бир колдоо, азык-түлүк менен жардам барбы?

- Сиз айткан маселе боюнча атайын эсеп ачылган жана  ага түшкөн каражаттардын эсебинен,  демөөрчүлөр тарабынан көрсөтүлө турган жардамдардан дарыгерлерге колдоо көрсөтүү  маселеси каралууда. Санитардык карантинтик пунктарда иштеген белгиленген кызматтардын өкүлдөрүнө акчалай  жардам берүү жагы каралган.  Мындан тышкары  айрым   активист жарандарыбыз  карантиндик  пункттарда турган кызматкерлерге  өз алдынча жардамдарын берип, түшкү тамак уюштуруп берүү жагын колго алышкан. 

-Жазгы-талаа иштери кандай жүрүүдө? Урук, техника, ГСМ жагынан жетишпестиктер жокпу?

- “Жаздын бир күнү , бир жылды багат” – демекчи,  учурда Талас облусунун  аймактарында  жазгы  айдап-себүү иштери   кызуу жүрүүдө.   Быйылкы жылы жалпы 106 миң 331 гектар аянты айдап-себүү  пландалып, өткөн жылга салыштырмалуу 173 гектарга көбөйдү.

Мунун ичинен  күздүк буудай 3 миң 944 гектар, күздүк арпа 198 гектар, тоют өсүмдүгү 14 миң 885 гектарды түзүп, жазгы айдап себүүгө 87 миң 304 гектар жер аянты каралган.

Учурда облус боюнча жаздык буудай 1 миң 165 гектарга пландалып бүгүнкү күндө, 573 га себилип план 49 пайызы аткарылды десек болот.  Жаздык арпа 2 миң 90 гектарга пландалып 1 миң 572 гектарга  себилип 75 пайызды түздү. Ал эми дан жүгөрү 4 миң 326 гектарга пландалып 41 гектары себилип 0,9 пайызды түзүп отурат. Андан ары карай жылсак, кант кызылчасы 560 гектарга пландалган болсо 59 гектары себилип же 10.5 пайызын түздү. 

Картошка болсо 12 мин 12 га сунушталып 56 гектары тигилди. Бакча өсүмдүктөрү 82 гектарга пландалып 5 гектары, көп жылдык чөп 3 миң 206 гетарга  пландалып 2 миң 263 гектары себилген. 

Ал эми,май өсүмдүгү 595 гектарга жана төө буурчак 58 миң 567 гектарга, ошондой эле жашылчалар 4700 гектарга себилүүсү күтүлүүдө.

Баса белгилеп кетчү маселе, облус боюнча пландалган жазгы түзүм боюнча себүүгө үрөөн жетиштүү. Айыл чарба техникалары жазгы талаа жумуштарына  толук даяр. Ал эми күйүүчү май боюнча, май куюучу  станциялардын жетекчилери жазгы талаа жумуштарына жетиштүү көлөмдө алып келүү боюнча иш жүргүзүүдө.

-Сиз такси айдаган жарандардын ишин убактылуу токтотуп турууга үндөдүңүз эле, алар чакырыкка жакшы кулак деле салган эмес окшойт. Мыйзам чегинде аларга кандай чара көрсө болот?

- Бишкек шаары жана  региондор аралык такси каттамдарын убактылуу  чектегенбиз. Бирок, тилекке каршы  бул чектөөнү  этибарга  албаган айдоочулар да болууда. Андыктан  көзөмөлдү  күчөтүү максатында жогоруда айтып кеткендей,  Талас облусунун  кире бериши болуп эсептелген  Талды булак айылында    блок  пост  койгонбуз.  Эгерде   баардык чектөөлөргө  карабай эреже бузгандар болсо, анда аларга мыйзам чегинде  жазалар колдонулат. 



(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)